Жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен Экономика министрликтин кызматкерлерине сертификаттарды расмий тапшыруу аземи өткөрүлдү

Новости
15-Апрель 2019-ж.
2321

2019-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында 2018-жылы жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы менен министрликтин кызматкерлерине сертификаттарды расмий тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул расмий иш-чарада министрликтин статс-катчысы  Айдин Шаршеев сөз сүйлөп, учурда мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, мындан ары да тилди билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн мекемеде бардык аракеттер жүргүзүлөрүн билдирди. 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо системасынын түптөөчүсү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Батма Болоталиевна Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, өз сөзүндө Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштери жөнүндө  кыскача токтоло кетти, ошону менен бирге КР Экономика министрлигинин мамлекеттик тил адиси Мээрим Чалбаевага Кыргызтест сынагын өткөрүүдө активдүү катышып, министрликтин кызматкерлерин жогоруда аталган иш-чарага активдүү катышуусун камсыз кылгандыгы үчүн Ыраазычылык барагын тапшырды.  

Министрликтин демилгеси менен Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Топоева-Ставинскаяга чакан белек берилип, ыраазычылык билдирилди, ошондой эле мамлекеттик тилде иштөөсүнө мындан ары да дем берүү максатында Кыргызтест  сынагынан жогорку жетишкендиктерди багындырган кызматкерлерге чакан белектер берилди. 

Министрликтин Соода саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Аскат Беков сөз сүйлөп, өз сөзүндө мамлекеттик кызыкчылыкты көздөө биринчи кезекте мамлекеттик тилге болгон мамиледен баштала тургандыгына токтолуп, ошону менен мамлекеттик кызматкерлерди эне тилин сыйлоого жана ага аяр мамиле жасоого үндөп,  өз сөзүн Б. Сарногоевдин "Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт, эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт"- деп   жыйынтыктады.       

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу