Кыргызстанда виртуалдык ККМны колдонуунун пилоттук долбоорун ишке ашыруу башталууда

Новости
08-Апрель 2019-ж.
4517

2018-жылдын 13-апрелинде “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал Эсептөө палатасы үчүн укуктук негиз түзөт:

- электрондук эсеп-фактураларды киргизүү;

- ККМ-онлайнды андан ары өркүндөтүү;

- Өкмөт тарабынан маркалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин, маркалоонун түрлөрүн жана аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктоо.

ККМ-онлайнды өркүндөтүү максатында 2018-жылдын 13-апрелинде КР аталган мыйзамы менен смартфондорду же компьютерлерди тиешелүү программалык камсыздоолор орнотулгандан кийин аппараттык ККМ менен катар эле пайдаланууну караган КР Салык кодексине виртуалдык “ККМ аныктоо” бөлүгүнө өзгөртүү киргизилди.

КР Салык кодексинин 109-беренесин ишке ашыруу максатында КР Өкмөтүнүн “Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыккан.

Кыргызстанда виртуалдык ККМны колдонуунун пилоттук долбоорун ишке ашырууну баштоодо

Азыркы учурда маалыматтарды он-лайн режиминде берүүгө жөндөмдүү ККМ минималдуу наркы (аппараттык контролдук-кассалык машина) 10 000 сомдон жогору тургандыктан ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде бизнести колдоо максатында салык төлөөчүлөргө акысыз негизде виртуалдык ККМ берилет (Android, iOS жана Windows операциялык системаларда кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылуучу программалык камсыздоо).

Виртуалдык ККМ жаңы багыт болуп саналаарын эске алуу менен, ошондой эле натыйжаларды талдоо жана эсептөөлөрдү жүргүзүү жана ишке киргизүүнүн мүмкүн болгон көйгөйлөрүн табуу максатында виртуалдык ККМ киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасында виртуалдык ККМны туруктуу негизде колдонуу маселеси каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу