Финансы жана экономика боюнча студенттер жана жаш адистер арасында биринчи Олимпиада башталды

Новости
05-Апрель 2019-ж.
2549

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана “Азия Банкы” ЖАК, ProKG профессионалдар клубунун колдоосу менен GoodSolutions Group толук циклдин маркетинг агенттиги менен биргеликте финансы жана экономика боюнча студенттер жана 23 жашка чейинки жаш адистер арасында биринчи Олимпиада уюштурулууда.

Катышуучулар: ар кандай окуу жайдын студенттери, 23 жашка чейинки жаш адистер.

Катышуучулардын жалпы саны: 300-500 адам;

Катышуу акысыз;

Байге фонду: 500 $ ашык.

Өткөрүү күнү:

- 7-апрель - олимпиаданын биринчи туру, сандык тест жана экономика жана финансы боюнча жалпы түшүнүккө тест;

- 14-апрель - олимпиаданын экинчи туру, экономика боюнча тесттер, корпоративдик финансы жана финансылык отчеттуулук;

- 21-апрель – үчүнчү, жыйынтыктоочу тур, кейстерди талдоо.

Долбоордун максаты:

- жаштар арасында финансылык жана экономикалык билимди жалпыга түшүндүрүү;

- таланттуу студенттерди жана жаш адистерди табуу жана аларды өнүктүрүү, өлкөнүн алдыңкы компанияларына ишке орноштуруу жана стажировкалоо;

- коомдун негизги экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылган ар тараптуу өнүккөн жаңы муунду жаштарды калыптандырууга салым кошуу.

Олимпиадага катышуу – бул баалуу тажрыйба, өз күчтөрүн сыноо, жаңы билим жана кызыктуу таанышуулар.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери, акчалай сыйлыктарды жана эстелик белектерди алышат.

Каттоо https://forms.gle/mpbtF4Z4SnazSfJU8! шилтемеси боюнча жүргүзүлөт. Кеңири маалымат +996 771 022 276 номери аркылуу же www.finolimp.org сайтында. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу