Тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджмент системасын сапаттын эл аралык стандарттары боюнча колдонууга киргизүү жөнүндө

Новости
04-Апрель 2019-ж.
4473

2019-жылдын 28-февралындагы өтүнмө боюнча КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (СМБ) адистери тарабынан коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн уюмдар үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасын киргизүү боюнча иш башталды. 

Ресторандын жетекчилери ИСО 22000 эл аралык стандартына ылайык тамак-аш азыктарын түзүү чынжырына катышкан тамак-аш коопсуздук менеджменти системасын киргизүү милдетин өз алдына коюшту. Ушул иш-чаранын жүрүшүндө жер-жерлерде алдын ала баалоо жүргүзүлдү.

2019-жылдын 3-апрелинен 5-апрелине чейинки мезгилде тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун менеджмент системасын куруунун алкагында, СМБ адистери жана эл аралык Сим-эксперт тарабынан коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн ресторанга ХАССП жана ИСО 22000-2 системасын киргизүү этабы башталды. 

Аталган этаптын иш-чарасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: ресторандын кызматкерлерин ИСО 22000 стандарты, жеке гигиена, алдын ала шарттардын программалары боюнча окутуу, ошондой эле тамак-аш азыктардын коопсуздугуна менеджмент системасы боюнча документацияларды иштеп чыгуу. Ресторандын жетекчилиги окутууга жигердүү катышты жана окутуу процессине кызыкдар болду.

Иш-чаранын максаты коомдук тамактануу менен алектенген жана ХАССП жана ИСО 22000-2 системасын киргизүү үчүн сапаттын эл аралык стандарты боюнча окууга даяр уюмдарды тартуу болуп саналат.

Бардык кызыккан суроолор боюнча КР ЭМ караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна тел: 66228, эл. почте: qms@nism.gov.kg же Панфилова көч, 197, 313-б. кайрылууга болот. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу