КЫРГЫЗСТАНДАРТ эл аралык метрологияны өнүктүрүү фонунда

Новости
04-Апрель 2019-ж.
4515

2019-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин Дрезден шаарында (Германия) ушундай ураанда КООМЕТ Биргелешкен комитетинин 17-жыйыны, CIPM MRA Келишимин жана КООМЕТ комитетинин 29-жыйынын кайра кароо маселеси боюнча КООМЕТ семинары өткөрүлдү. 

Азыркы учурда эталондор жаатына көбүрөөк маани берилүүдө, айрыкча Эл аралык комитет тарабынан демилгеленген улуттук метрологиялык институттары (CIPM MRA) тарабынан берилүүчү улуттук эталондорду өз ара таануу жана сертификаттарды калибрлөө жана ченөө жөнүндө Макулдашуунун чараларын жана салмактарын (СIPM) ишке ашырууга катышууга.

КООМЕТ долбоорунун маанилүү саны калибрлөө жана өлчөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды даярдоо, CIPM тарабынан уюштурулуучу улуттук эталондорду негизги салыштырууга катышуу жана КООМЕТ катышуучу-өлкөлөрүнүн улуттук метрологиялык институттарынын сапат менеджментинин системасын иштетүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча эталондорду региондук салыштырууну жүргүзүү иштери менен байланыштуу.

Аталган жыйындар КООМЕТ катышуучу өлкөлөрдү арасынан өлчөө бирдигин камсыз кылуу жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө багытталган.

Жыйындарда төмөнкү маселелер каралат:

-  “Эл аралык бирдиктер системасын (SI) кайра карап чыгуу жөнүндө” 1-Резолюциясын кабыл алуу менен байланышкан маселелер;

- ТК КООМЕТ төрагаларынын жана КООМЕТ кызыкдар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Эл аралык бирдиктер системасын (SI) кайра аныктоо көйгөйүнө арналган семинар өткөрүү;

- учурдагы КООМЕТ сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүү же 25-ГКМВ 5-резолюциясын эске алуу менен СМС-саптарын даярдоо жана жарыялоо бөлүгүндө КООМЕТ жаңы жарыяларын иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маселелерди талкуулоо;

- КООМЕТ ишин өркүндөтүү боюнча иш-чара;

- ТК 5 жана ПК 4.1 төрагалар кызматына талапкерлер, ошондой эле мындан ары кызматташуу үчүн КООМЕТ түзүмдүк органдардын курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат менен таанышуу;

- КООМЕТ жана өлчөө бирдигин камсыз кылуу жаатында МГС ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө актуалдаштырылган Протоколду макулдашуу;

- CIPM MRA Макулдашуусун ишке ашыруу маселесин кошкондо, СМК НМИ жана КООМЕТ НИ мүчө-өлкөлөрүн иштетүү жана эталондор жаатында КООМЕТ иши.

Аталган маселенин алкагында салыштыруулардын календарлык планы такталды, атап айтканда 2019-жылга КООМЕТ салыштыруу, ошондой эле өлчөөлөрдүн ар кандай түрлөрү боюнча ТК КООМЕТ иши жөнүндө Программа.

КООМЕТ Комитетинин 29-жыйынынын иш алкагында, 2018-2019-ж.ж. иштелип чыккан жана актуалдаштырылган КООМЕТ жарыяларын бекитүү тууралуу маселелер каралды. 

Аталган жыйынга КООМЕТ 16 мүчө-өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, BIPM, JCRB жана РТВ өкүлдөрү, ошондой эле КООМЕТ Техникалык комитеттеринин өкүлдөрү катышышты. 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология Борборунун атынан директордун орун басары Мухаммед Капаров жана Метрология башкармалыгынын начальниги Нургазы Ботоев катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу