Аялдардын жана жаштардын арасынан келечектеги ишкерлерди колдоо боюнча “Максаттуу фонд” суб-программасын ишке киргизүү жөнүндө

Новости
03-Апрель 2019-ж.
2487

2019-жылдын 2-апрелинде Нарын шаарында КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмү таарбынан “Атаандаш ишкана” ЮСАИД долбоорунун колдоосу менен ЧОБ өкүлдөрү: Нарын облусу боюнча ишкердик тармагында иштеген аялдар жана жаштар менен тегерек стол өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты, жакырчылык деңгээли жогору аймактарда аялдар жана жаш өкүлдөр (30 жашка чейин) жетектеген чакан жана орто ишканларды картага түшүрүү жана идентификациялоо болуп саналат. 

Көбүрөөк артыкчылыктуу ишкерлерди камтуу үчүн “Атаандаш ишкана” USAID долбоору “Максаттуу фонд” суб-программасын ишке киргизүүдө, ал өз ишин ачуу үчүн чакан грант түрүндө келечектеги ишкерлерге (аялдар жана жаштар арасынан) колдоо көрсөтөт. Аталган суб-программа бизнес үчүн рационалдуу идеясы бар жаштар жана аялдар менен иштешет.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, улуттук буюмдардын 2 уз аял (шырдак, кийизден улуттук сувенирлер) жана кондитер цехин жетектеген 2 аял, 3 жаш ишкер аталган долбоорго кызыгуусун арттырып, өз иштерин ачуу үчүн арыз берүүгө даяр экендигин билдиришти. 

Эскерте кетсек, буга чейин ушул сыяктуу тегерек столдор Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлгөн. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу