Кыргыз Республикасы чек арадагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн ЕЭК министрлерин чакыртууну демилгелөөдө

Новости
03-Апрель 2019-ж.
3375


2019-жылдын 19-мартынан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн унаа каражаттарына карата көзөмөл күчөтүлгөн. Ошону менен катар товар ташыган ар бир унаа каражаты тыкыр кароого туш болууда, буга байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүү убактысы бир кыйла узартылды.

 Экономика министрлигинин мониторинги боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-апрели саат 7:00гө карата «Актилек-авто жолу» өткөрмө жайында 230га жакын жүк ташуучу унаалар токтоп турган, учурда 250дөн ашуун жүк унаасы кезекте турат. 

 Кыргыз Республикасы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, казак тараптан көрүлгөн кошумча көзөмөл чаралары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) укуктук ченемдерин бузуу болуп саналат жана товарларды жүгүртүү эркиндигин – ЕЭАБ бирдиктүү рыногунун негизги иштөө принциптерин чектейт деп эсептейт.

Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик киреше комитетинин маалыматы боюнча чек арада төмөнкү документтерди текшерүү жана сканирлөө жүргүзүлүүдө:

- CMR (эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз); 

- ТТКК (товардык-транспорттук коштомо кагаз); 

- Инвойс же эсеп фактура; 

- Унаа каражатынын техникалык паспорту; 

- Чек арадан өтүү талону.  

 Мындай аракеттер көмүскө бажы көзөмөлүн жүргүзүү болуп саналат, бул түпкүлүгүндө Биримдиктин ченемдерине каршы келет, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 25-беренесинин ЕЭАБ ички рыногунда товарлардын эркин кыймылын камсыздоо бөлүгүндөгү жобосун бузат.

ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 25-беренесине ылайык, мүчө-мамлекеттердин бажы бирлигинин алкагында мүчө-мамлекеттердин аймактары ортосунда бажылык декларациялоо жана мамлекеттик көзөмөл колдонбостон эркин товар жүгүртүү ишке ашырылат.

 Ушуну менен бирге, белгилей кетсек, мындай чаралар токтоп тура берүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ташуучуларына финансылык чыгымдарды, ошондой эле товарларды ташуу мөөнөттөрү боюнча контрагенттер алдындагы милдеттерди аткарбоого байланыштуу терс кесепеттерди алып келет, бул өлкөнүн жалпы экономикалык активдүүлүгүн төмөндөтөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Өкмөтүнө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрүн (Министрлерди) чек арадагы кырдаал боюнча консультацияларды өткөрүүгө чакыртуу демилгесин көтөрүүнү сунуштайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу