Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо программасын иштеп чыгууну талкуулашты.

Новости
02-Апрель 2019-ж.
4951

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгын, “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Программасынын 4.4.3-пунктун ишке ашыруу максатында, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоонун алкагында, Экономика министрлигинин 2019-жылдын 5-мартында “2019-2023-ж.ж. КР чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) өнүктүрүү жана колдоо Программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө” буйругу чыккан.

Ушул жылдын 29-мартында Экономика министрлигинин чоң залында 2019-2023-ж.ж. КР ЧОИ өнүктүрүү жана колдоо Программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны Мамлекеттик Бажы кызматынын, Мамлекеттик Салык кызматынын, Финансы министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнүн ж.б бизнес-ассоциациялардын жана эксперттердин катышуусунда болуп өттү.

Күн тартибинде төмөнкү темалар козголду:

өлкөнүн аймактарынан келип түшкөн фокус-топтун дискуссияларынын матералдарына жана жыйынтыктарына сереп;

- мурда аткарылбаган иш-чараларга сереп;

2018-2040-ж.ж. КР өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын өнүктүрүүнүн максаттуу милдеттери жана векторлору;

“Биримдик, Ишеним, Жаратмандык”  2018-2022-ж.ж. КР өнүктүрүү Программасынан келип чыгуучу ЧОБ көрсөткүчтөрү жана өнүктүрүү милдеттери;

чечимди талап кылуучу, учурдагы актуалдуу көйгөйлөр.

Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келип түшкөн фокус-топтун дискуссияларынын материалдарына жана жыйынтыктарына сереп боюнча ишкердиктин төмөнкү негизги факторлорун баалоо маселелери каралды: “эмгек”, “жер”, “капитал”, “ишкердик демилге”; бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери; административдик тоскоолдуктарды (лицензиялык уруксат берүү, контролдук-көзөмөл системасы) табуу; монополисттердин кызмат көрсөтүүсү: кубаттуулуктун иштөөсү жана өсүүсү; салыктык укуктук мамилелери жана социалдык чегерүүлөр

Мурда аткарылбаган иш-чараларды талдоодо төмөнкү маселелер каралды жана актуалдаштырылды: бажы өткөрүү пункттарында күн-түн жана тынымсыз иштөөнү камсыздоо; СТ 1 сертификатын берүү жол-жобосун жеңилдетүүМСК тышкары бардык органдардын милдеттүү отчет берүүсүн жоюу; социалдык чегерүүлөрдүн системасын өркүндөтүүжумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын кызыкчылыктарынын балансын камсыздоо; жеке инспекциялар, аккредиттелген ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүү жүргүзүүнү киргизүүИДП жогору өлкөлөр үчүн визалык режимди либералдаштыруу.

Мындан тышкары, “Биз Эксперт” аналитикалык борборунун эксперти күтүлүп жаткан жыйынтыктарды белгилөө менен 2018-2040-ж.ж. КР өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги багытын презентациялады, ал негизги экономикалык жагдайлардын бири болуп жагымдуу инвестициялык чөйрө менен атаандаштыкка жөндөмдүү экономика эсептелет: администрациялык басымдан ишкерлерди коргоону камсыз кылуу, жумушчу орундарды түзүү үчүн ар кандай экономиканын тармактарында жана аймактарда ишкерлердин ишин кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү.

Жумушчу топтун кийинки отурумунда мамлекеттик органдардан жана бизнес-ассоциациялардан өлкөдөгү бизнестин өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө тоскоол болгон көйгөйлөр, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча келип түшкөн сунуштарды талкуулоо пландалды. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу