ДСУнун штаб-квартирасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү бөтөнчө милдеттенмелер боюнча Комитетинин жыйыны болуп өттү

Новости
26-Март 2019-ж.
4748

2019-жылдын 19-мартында, Женева шаарында ДСУнун штаб-квартирасында КР Экономика министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Н. Максутовдун төрагалыгы алдында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү бөтөнчө милдеттенмелер боюнча Комитеттин жыйыны болду. Аталган Комитеттин максаты, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн түрлөрү чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди оптималдаштыруу жана имплементациялоо, ошондой эле ДСУ эрежелерин аткарууга мониторинг жүргүзүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу болуп саналат. 

ДСУга мүчө башка өлкөрдүн аймагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жумушчуларынын эмгек ишмердүүлүгүн киргизүү шартын жөнгө салуу маселелеринде ачык жана айкындыкты жакшыртуу боюнча маселе Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Кыргыз Республикасы жогоруда аталган чөйрөнү жөнгө салуучу, ДСУ алкагында эл аралык сооданын эрежелерине айкындыкты жана транспаренттүүлүктү киргизүү зарылдыгын билдирди.

Атап айтканда Комитетте соода кызмат көрсөтүүлөрү боюнча ДСУ Макулдашуусунун XVI беренесине ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндөгү экономикалык керектөөлөр боюнча тесттерди пайдалануу системасын түшүнүүнү жакшыртуу жана көбүрөөк ачык-айкындуулукту киргизүү ДСУ мүчө-өлкөлөрүнүн зарылдыгы жөнүндө маселе каралды. Ошондой эле, жеткирүүнүн 4-ыкмасы боюнча кызмат көрсөтүүнүн айрым котегориялары боюнча өлкөлөрдүн так түшүүнүн жана жалпы аныктоолорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселе талкууланды.

Жогоруда аталган маселелер бир катар өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратты, алар Индия, Таджикистан, Кытай, АКШ, ЕС, Пакистан, Түркия, Түштүк Африка, Таиланд, Венесуэла, Колумбия, Перу, Австралия, Чили жана Мексика ж.б.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча мүчө-өлкөлөр жеке жактардын жүрүү деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнүн 4-акмасын жөнгө салуучу, эл аралык нормаларга көбүрөөк ачыктыкты киргизүү максатында диологду улантуу зарылдыгы жөнүндө макулдашышты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу