О. Панкратов: “Бардык жаңы нерселер баланс жана тең салмактуулук абалынан жаралат”

Новости
20-Март 2019-ж.
2815

КР Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстан элин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады!


“Нооруз байыртадан бери жылдан жыйынтыктарды чыгаруучу убакыт болуп эсептелинип келет – үйдө жайлуулук түзүп, кампадан дан эгиндеринин калдыктарын чогултушуп, жан дүйнөсүнөн тынчтыкты, мамиледен – түшүнүүнү жана кечиримдүүлүктү издешет, бул күнү жаратылыш бардык жаңы нерселер баланстан жана тең салмактуулуктан жараларын эске салат”.


 Бул күн биз үчүн көп кылымдар мурункудай бүгүн да актуалдуу жана маанилүү. Кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайм! Майрамдын мааниси жөнүндө унутпоону, өз ара түшүнүшүүнү түзүүнү жана колдоону, гармонияга жетишүүнү жана жаратмандыкты чын дилимден каалайм.


Азыркы күндө бул биз үчүн - жөн гана сөз эмес. Бардык тараптардын кызыкчылыктарын сактоо аркылуу ачык диалогго жана кызматташууга умтулуу, жалпыбыздын максатыбыз – Кыргызстандын жыргалчылыгы жана өнүгүүсү үчүн иштөө - бул министрликте биздин күнүмдүк иш.


Ноорузду утурлап бардык кызматкерлердин жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кесиптештер менен мамлекеттик жана коомдук өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен бардык талаштуу кырдаалдарда акылман, салмактуу чечимдерди чыгарууга, биргелешип жемиштүү кызматташууга жана биримдикке умтулууга чакырам. 


Биздин мамлекетти өнүктүрүүдө жаңы ийгиликтерге жана туруктуу өнүгүүгө алып келе турган ишенимдүү кадамыбыз ушул. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу