КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Литва Республикасынын ТИМ делегациясы менен болгон жолугушууда соода-экономиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

Новости
20-Март 2019-ж.
2575

2019-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде статс-катчы Айдин Шаршеев, Бишкек шаарына тышкы саясий ведомстволор ортосундагы биринчи саясий консультациясына катышуу үчүн келген Литва Республикасынын ТИМ вице-министри Д.Скусявичюс мырза баштаган ЛР ТИМ делегациясы менен жолугушту. 


         Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык өнүктүрүү жана финансылык өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, жер казынасын пайдалануу, жеңил өнөр жайы, маалымат технологиялары, биотехнологиялары ж.б. менен байланышкан маселелер каралды.


         Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде ВСП+ артыкчылык системасын пайдалануу алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын талкуулашты. 



         Жолугушуунун жыйынтыгында Литва Республикасынан инвесторлорду тартуу максатында, инвестициялык долбоорлор жана мыйзам базасы менен маалыматтарды Кыргыз тарапка жөнөтүү макулдашылды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу