Экономика министрлигинин кызматкерлери Эмен багынын тегерегинде ишембилик өткөрүштү

Новости
16-Март 2019-ж.
3099

Бүгүн 2019-жылдын 16-мартында, Олег Панкратов баштаган Экономика министрлигинин кызматкерлери Ч.Айтматов атындагы Эмен паркында ишембилик өткөрүштү.

Тазалап тартипке келтирүү максатында, парктын айланасындагы, көчөлөрдүн боюндагы таштандылар, жалбырактар жыйналып, санитардык тазалоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле Экономика министрлигинин кызматкерлери министрликтин айланасын жана ичин тазалап иретке келтиришти.

Эскерте кетсек, жалпы республикалык ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу