“Агроэкспо-Жибек жолу 2019” эл аралык айыл чарба көргөзмө – жарманкеси

11-Март 2019-ж.
4844

2019-жылдын 1-3-мартында Ош шаарында С. Ибраимов атындагы драм театрда “Агроэкспо-Жибек жолу 2019” эл аралык айыл чарба көргөзмө – жарманкеси өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, “Жер Азыгы” ЖК өкүлдөрү, фермерлер, ишкерлер ж.б. катышты.


 “Агроэкспо-Жибек жолу 2019” көргөзмө – жарманкеси эл аралык деңгээлдеги иш-чара, ал Кыргыз Республикасынын Түштүк борборунда жыл сайын өткөрүлөт.


Жарманкеде жогорку сапаттагы үрөндөр, органикалык-минералдык жер семирткичтер, күнөскана чарбалары үчүн жабдыктар, жаныбарлардын тоюттарын даярдоо үчүн кошулмалар, био жана ветеринардык препараттар ж.б. көрсөтүлдү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу