Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министри Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу союзунун (ТМКС) башкы катчысы менен болгон жолугушууда Баку шаарында (Азербайжан) ТМКС өлкө-катышуучуларынын экономика министрлеринин боло турган жолуг

Новости
15-Июнь 2012-ж.
2997

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде министр Темир Сариевдин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу союзунун (ТМКС) башкы катчысы Хилил Акынджы - мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты болуп (Баку шаары, Азербайжан, ү.ж. 13-14-августу) ТМКС өлкө-катышуучуларынын экономика министрлеринин боло турган жолугушуунун маселелерин талкуулоо, жана ошондой эле экономиканын маселелерине арналган 2011-жылдагы Биринчи саммитти өткөрүүдөн кийин ТМКС жүргүзүлгөн иши жөнүндө отчетту сунуштоо болду.

Ушуга байланыштуу, башкы катчысы Хилил Акынджы – мырза министр Т.Сариевди Баку ш. ТМКС өлкө-катышуучуларынын экономика министрлеринин боло турган жолугушуусуна катышууга чакырды.

ТМКС экономика министрлеринин биринчи жолугушуусу 2011-жылдын 13-октябрында Астана шаарында, Казакстанда болуп өткөн. Ага Азербайжандын, Кыргызстандын жана Турциянын министрлери катышышкан. Бул жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу, экономикалык диверсификациялоону жогорулатуу, транспорттук коридорлорду жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери каралган.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу, ал эми азыр Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Санжар Муканбетов катышкан.

Түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлеринин ушул жолугушуусу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык мамилелердин келечектерин талкуулоо жана ТМКС 1-саммитинин алдында кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча жалпы позицияларды иштеп чыгуу мүмкүндүгүн берди.

ТМКС өлкө-катышуучуларынын кызматташуусунун негизги багыттарынын бири- бул соода. Уюмдун катышуучулары түрк тилдүү мамлекетердин ортосунда соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу тенденциясын белгилешкен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу