Ишкердикти тейлөө борборлорунун ишин түзүү жана уюштуруу Концепциясы бекитилди

Новости
05-Март 2019-ж.
5042

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы токтому менен 2019-2022-жылдар аралыгында Ишкерлерди тейлөө борборлорунун (ИТБ) ишин түзүү жана уюштуруу Концепциясы бекитилди. 

Өкмөттүн токтому Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 20-апрелиндеги токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн “Биримдик. Ишенимдик. Жаратмандык” программасында белгиленген максаттарга ылайык кабыл алынды, ал ишкердикти колдоо боюнча бирдиктүү аянчаны жана таасирдүү механизмдерди түзүү боюнча Өкмөт алдында коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бирин ишке ашырууну караган.

Республикада ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Экономика министрлиги тарабынан бизнес коомчулугу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (JICA жана ОБСЕ) менен биргеликте ишкердикти тейлөө борборлорун (мындан ары - ИТБ) түзүү боюнча Өкмөттүн токтом долбоору иштелип чыкты. 

ИТБ түзүүнүн негизги милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

- ишкер менен мамлекет ортосундагы түз байланыштарды алып салуу; 

- ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкын системасын түзүү;

- ишкерлердин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуудагы чыгымдарын азайтуу; 

- ишин жаңы баштаган ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;

- ЧОИ субъекттерининтехникалык көндүмдөрүн жана компетенцияларын жакшыртуу;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алууда коррупцияны төмөндөтүү.

ИТБ ишин төмөнкү негизги чөйрөлөрдө жүзөгө ашырат

билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү:

- ишин жаңы баштаган жана алдыңкы ишкерлер үчүн курстар;

- ишин жаңы баштаган ишкерлер үчүн бизнес-инкубаторлору;

- бизнес-коуч;

- маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр:

- бизнес ачуу боюнча маалыматтык-консультациялык колдоо;

- бизнес-планды иштеп чыгууну колдоо;

- ишкерлер үчүн продукциялардын экспорту боюнча консультация;

- юридикалык консультация;

- багыттар боюнча консультация;

- ресурстарын башкаруу;

мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, лицензияларды жана уруксат берүү:

- документтерди каттоо жана берүү (маалымкаттар, корутунду, көчүрмө, күбөлүк ж.б. документтер);

-тышкы соода иши боюнча кызмат көрсөтүүлөр (экспорттук-импорттук операциялар);

- техникалык жөнгө салуу, ЕАЭБ, ВСП+

- лицензияларды жана уруксат берүү;

-финансылык кызмат көрсөтүүлөр:

- гарантиялык фонддун кызматтары;

- камсыздандыруу;

- кредиттер;

- лизинг;

- гранттар;

консалтингдик кызмат көрсөтүүлөр:

- жалпы башкаруу;

- администрациялоо;

- финансылык башкаруу;

- персоналды башкаруу;

- маркетинг;

- өндүрүш;

-маалыматтык технологиялар;

адистештирилген иш чөйрөсү жана башка.

Азыркы убакта республикада ишкердик иши активдүү өнүккөндүгү маалым. Ишкердик ишти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган ар кандай чаралар мамлекеттик органдар таарбынан көрүлөт. 

Бирок ишкер субъекттерде ишкердик ишти туруктуу өнүктүрүү үчүн маалыматтарды, консультацияларды, ошондой эле ишкердикти жүргүзүү боюнча билим алуу зарылдыгы келип чыгат. Ошондой эле, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү алууга кеткен чыгымдарды жана убакытты кыскартууну эсепке алуу менен ишкерлерге автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. 

Башталгыч этапта ИТБ Ош жана Бишкек шаарларында, кийин өлкөнүн региондорунда ушундай борборлорду ачуу пландалууда. 

ИТБ өнүктүрүү маселеси ишкердикти өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоону түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат жана бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө багытталат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу