Бизнес-омбудсмендин Байкоочу кеңешинин курамына бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү тандалды

Новости
28-Февраль 2019-ж.
4524

Бизнес-омбудсмендин Байкоочу кеңешинин курамына бизнес-ассоциациялар тарабынан туруктуу катышуучу катары төмөнкүлөр аныкталды:

AmCham (Кыргыз Республикасындагы Америка Соода палатасы);

- КР рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ассоциациясы;

- Эл аралык ишкер кеңеш (ЭИК);

JIA бизнес-ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмеси;

- КР Соода-өнөр жай палатасы;

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында кабыл алынган Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (Бизнес-омбудсмен ) жөнүндө жободо, Байкоочу кеңештин курамына туруктуу негизде төмөнкү критерийлерге ээ болгон 5 бизнес-ассоциация кирери аныкталган, тактап айтканда:

- Кыргыз Республикасында ишкердик иштин субъекттеринин көбүн камтыган;

- бизнес-ассоциациялардын мүчөлөрү тарабынан эң көп салыктык чегерүүлөр ишке ашырылган;

- бизнес-ассоциациясына мүчө болуу төгүмүн төлөгөн, мүчөлөрүнүн саны 50дөн кем болбогон;

- бизнес-ассоциацияны түзгөн учурда 5 жылдан узак иштеп жаткан.

Ошондой эле, Байкоочу кеңештин курамына кирүү ниетин билдирген, жогоруда аталган критерийлерге жооп бербеген бизнес-ассоциациялардын ичинен 2 бизнес-ассоциация жыл сайын ротациялык негизде Байкоочу тараптын курамына кирүү мүмкүнчүлүгү Жободо аныкталган.

Арыз бергендердин ичинен мындай беш бизнес-ассоциация жыл сайын ротациялык негизде бизнес-ассоциация тараптардын курамында Байкоочу кеңештин ишине төмөнкүдөй тартипте катышуу жөнүндө макулдашышты:

- 1-мезгилге “Легпром” ЮЖБ Ассоциациясы жана Кыргызстан банктар бирлиги;

- 2-мезгилге Байланыш операторлорунун ассоциациясы жана ишкерлер бирлиги;

-3-мезгилге Бажы брокерлеринин ассоциациясы.

Бизнес-ассоциациялардан Байкоочу кеңешке келген үч арыздын курамында Жобонун талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн жеткиликтүү маалымат камтылган эмес.

Байкоочу кеңештин биринчи жыйыны, күтүлгөндөй, жакын арада болот.

Ушу жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсмендин  Байкоочу кеңешинин курамына кирүүнү каалаган бизнес-ассоциацияларын чакыруу менен пресс-релиз жарыялангандыгын белгилей кетмекчибиз, ал 2019-жылдын 5-февралына чейин КР Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин Катчылыгынын дарегине тиешелүү арыздарды берүү коштолгон.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу