Экономика министрлигинде Япония тажрыйбасында ишкерлерди тейлөө Борборун уюштуруу жана башкаруу боюнча семинар өттү

Новости
26-Февраль 2019-ж.
4951

2019-жылдын 26-февралында КР Экономика министрлигинде Япония тажрыйбасында ишкерлерди тейлөө Борборун уюштуруу жана башкаруу боюнча семинар өттү. Семинардын максаты жана күтүлгөн жыйынтыгы: Япония ишкерлерин тейлөө Борборун түзүү жана башкаруу практикасы менен таанышуу жана Кыргыз Республикасында мындай борборлордун өнүгүүсүнүн оптималдуу жолун талкуулоо.

КР Экономика министринин орун басары Э. Абакиров жолугушууну ачып жатып, Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) түзүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Япония эл аралык өнүктүрүү агенттигине (JICA) жана ОБСЕ Программалык офисине ыраазычылык билдирди.

КР Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасын ишке ашыруу алкагында министрлик Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө Борборун түзүү боюнча иштерди жүргүзөт. Аталган демилге өнүктүрүү боюнча биздин өнөктөштөр JICA жана ОБСЕ Программалык офисинин жардамы менен ишке ашат. 

Бүгүнкү күндө Ишкерлерди тейлөө борборун түзүү жана уюштуруу Концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Ошондой эле эксперттер менен министрлик тарабынан биргеликте Ишкерлерди тейлөө борбору жөнүндө жобону бекитүү боюнча өкмөттүн чечим долбоору иштелип чыгат. 

Ушуну менен бирге 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана Кыргызстанды санариптештирүү жылы деп жарыяланган, ушуга байланыштуу республиканын бардык региондоруна ИТБ ачуу маанилүү болуп саналат.

Япония тейлөө борборунан кошумча маалымат жана иш тажрыйба алуу Кыргыз Республикасында Ишкерлерди тейлөө борборун ийгиликтүү уюштурууга жана иштетүүгө көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары Э. Абакиров Ишкерлерди тейлөө борборуна көмөк көрсөтөөрү жөнүндө билдирди. Аталган борборлор ишкердикти жүргүзүү маселеси боюнча консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтөт, жаңы баштагандар үчүн үйрөтүүчү жана учурдагы ишкерлердин көндүмдөрүн жогорулатуучу курстар жүргүзүлөт.

Ошондой эле маалымкат жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт. Аталган борбордун алкагында “Бир айыл – бир продукт” долбоору илгерилейт. Баштапкы этапта аталган борборлорду Бишкек жана Ош шаарларында, андан кийин өлкөнүн башка региондорунда ачуу пландалууда.

Семинардын алкагында Япония баяндамачылары – Хоккайода шаарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Институнун башчысы - Иида Кеничи мырза, JICA башкы офисинин индустрия секторунун чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү боюнча эксперт Фунахаши Гаку мырза - Японияда ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана иштетүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 

Аталган семинар JICA менен биргеликте өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасында ИТБ түзүү долбоорунун ишине кызыкдар эксперттер катышты. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу