Экономика министрлигинде Япония ишкерлерин тейлөө Борборун түзүү жана башкаруу практикасы менен таанышуу болот

Новости
25-Февраль 2019-ж.
4467

Азыркы учурда КР Экономика министрлиги тарабынан Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) жана Бишкек шаарындагы ОБСЕ Программалык офистин колдоосунда Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө Борборлорун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

КР Өкмөтүнүн “Ишкерлерди тейлөө борборлорунун ишин түзүү жана уюштуруу Концепциясын бекитүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыкты, ал КРӨАда каралууда.

2019-жылдын 26-февралында саат 9:00до Экономика министрлигинде Ишкерлерди тейлөө Борборлорун (ИТБ) уюштуруу жана башкаруу боюнча семинар Япония тажрыйбасынын мисалында өткөрүлөт. Семинардын максаты жана күтүлгөн жыйынтыгы: Япония ишкерлерин тейлөө Борборлорун түзүү жана башкаруу практикасы менен таанышуу жана Кыргыз Республикасында мындай борборлордун өнүгүүсүнүн оптималдуу жолун талкуулоо.

Аталган семинар JICA менен биргеликте өткөрүлөт, анда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулугу, ошондой эле Кыргыз Республикасында ИТБ түзүү долбоорунун ишине кызыкдар эксперттер катышат. 

Аталган семинарда Япония баяндамачылары – Хоккайдо шаарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү Институнун жетекчиси - Иида Кеничи мырза, JICA башкы офисинин индустрия секторунун чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү боюнча эксперт Фунахаши Гаку мырза-Японияда ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана иштетүү тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу