Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо өтөт

Новости
22-Февраль 2019-ж.
4207

2019-жылдын 25-февралында Экономика министрлигинин чоң залында Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болот. 

Сыйлоо сынактын лауреаттары жана дипломанттары белгиленген үлгүдөгү сыйлуу стела жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен сыйланышат. 

Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыгы жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн ыйгарылат.

Маалым болгондой Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу өкмөттүк сынактын лауреаттары жана дипломанттары КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” буйругу менен аныкталат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу