КР Вице-премьер-министри: «2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөр жетишилди»

Новости
14-Февраль 2019-ж.
4926

2018—жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр- жакшы. Бул тууралуу бүгүн 2019-жылдын 14-февралында КР Экономика министрлигинин Коллегиясынын жыйынында КР вице - премьер-министри Замирбек Аскаров белгиледи. 

«Көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча бизде өсүш байкалууда. Бул кубандырууда. Учурда жылда, биз мындан дагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишишибиз керек.», - деп айтты. 

Анын сөзү боюнча, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 3,5%га өстү жана 557 млрд.сомду түздү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларсыз ИДП реалдуу өсүшү 3,5% түздү. 

Экономикалык өсүш экономиканын бардык сектору менен камсыздалды: айыл чарбасында көлөмдөр- 2,7%га, курулушта- 7,8%га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө- 2,1%га, өнөр жайында- 5,5%га өстү.  

2018-жылдын январь-декабрында сооданын дүңүнөн чыгарылышы 160,6 млрд.сомду түздү, 2017-жылга салыштырмалуу өсүш 5,1%ды түздү. 

2018-жылдын январь-ноябрында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 5,9 млрд.АКШ долларын түздү жана 2017-жылдын ушуга окшош мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү.  

2018-2022-жылдар мезгилине “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасынын алкагында, КР Экономика министрлигинин негизги милдеттери көмүскөдөгү экономиканы кыскартуу, ири, орто жана чакан бизнестин ортосунда салыктык жүктү теңдөө болуп саналат. 

Ушуга байланыштуу, министрликке кызыкдар тараптар менен башкаруу маселелерин иштеп чыгуу жана салык, бажы органдары. Бизнес-коомчулук менен биргеликте коюлган милдеттерге жетишүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын сапаттуу долбоорлорун иштеп чыгуу керектигин КР вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилеп кетти. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу