Кыргыз Республикасындагы өлчөө каражаттарынын калибровкасы эл аралык деңгээлге чыгат

Новости
12-Февраль 2019-ж.
4787

Кыргыз Республикасындагы метрологияны өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп салмакты, көлөмдү, абанын табын, басымды, убакыт аралыгын, рН-метрия жана узундукту ченөө боюнча өлчөө каражаттарын калибровкалоо системасын Кыргызстандын эталондук лабораторияларынын базасында ишке киргизүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандарттын эталондук лабораториялары эл аралык деңгээлде калибровкалоо кызматын көрсөтүүдө. Мисалы, 2018-жылы Өзбекстан Рсепубликасынын сыноо лабораторияларына калибровкалоо кызматы   көрсөтүлгөн, 2019-жылдын февралында Кыргызстандарттын эталондук лабораториясына Россия федерациясынан Евразия континентинин көпчүлүк өлкөлөрүндө тааныла турган эл аралык үлгүдөгү калибровкалоо жөнүндө сертификат бере турган  71 бирдик өлчөө каражаты жана эталон келип түштү.

Бул Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун эталондук лабораториялары жүргүзгөн өлчөө каражаттарынын калибровкалоо жана өлчөө жыйынтыгы эл аралык деңгээлде тааныла тургандыгын билдирет. 

Мындай жыйынтыктарга жетишүү үчүн Кыргызстандарт метрология жаатында зор эмгек жасады, тагыраагы, 2017-жылы Кыргызстандарттын салмак, басым, температура жана СИ эталондук лабораториялары ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандартына шайкеш келүүнү тастыктаган DAkkS (Германия) аккредитация боюнча эл аралык таанылган органдын аккредитациясынын сертификатын алган жана 2018-жылы эталондук лабораториялар эл аралык баалоочуларды тартуу менен аккредитациялоо боюнча орган тарабынан инспекциялык контролду өтүү менен өзүнүн компетенттүүлүгүн экинчи жолу тастыкташты. 

Мындан тышкары 2018-жылы Кыргызстандарттын калибровкалоочу үч лабораториясы Кыргыз Республикасынын аккредитация боюнча улуттук органынын аккредитациялык аттестатын алып, өз кезегинде ИЛАК аккредитациясы  боюнча регионалдык органда калибровкалык жана  сыноо  лабораторияларынын ичинде өз ордун бекемдей алды. 

Учурда Кыргызстандарт Кыргыз Республикасындагы жогорку тактыктагы эталондорго ээ жана эң так өлчөөлөрдү жүргүзөт. Башкысы бул өлчөөлөр башка өлкөлөр тарабынан түрдүү соода макулдашууларында, мисалы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде, таанылуусу керек. 


Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан Борбордук Азиядагы жогорудагы өлчөөлөргө эл аралык талаптарга жооп берген калибровкалоо системасы киргизилген өлкө болуп саналат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу