Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин Жумушчу топторунун ишинин жыйынтыгы жөнүндө

Новости
06-Февраль 2019-ж.
4508

Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ДСУ макулдашууларын ишке ашыруу максатында КР Экономика министрлигинде 6 ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, алардын алкагында төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү.

2019-жылдын  21-январынан 25-январына чейин 2018-жылы СЖЖК жумушчу топторунун ишинин жыйынтыктарын талкуулоо боюнча, ошондой эле СЖЖК планын аткаруунун учурдагы абалы жөнүндө соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин жыйындары болуп өттү.  

Белгиленген жыйындардын жүрүшүндө ар бир жумушчу топто фокустук иш режиминде СЖЖК планына саресеп жүргүзүлдү. 2019-жылга СЖЖК жаңыртылган иш планына киргизүү үчүн актуалдаштырылган сунуштарды даярдоого тийиштүү жыйынтыктарды чыгаруу менен 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында соода жана транспорттук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча иш чараларды жана СЖЖК соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ДСУ Макулдашуусун ишке ашыруу боюнча планды актуалдаштырууга байланыштуу маселелер талкууланды. 2019-2020-жылдарга СЖЖК жумушчу топторунун ишинде артыкчылыктуу маселелерди бекитүү жөнүндө маселе талкуланды.  

Ошондой эле СЖЖК мындан ары карап чыгуу үчүн жүктөрдү ташып өтүүнүн уруксат берилген массасы менен көпүрөлөрдүн жана бардык габариттер көрсөтүү менен темир жолдон өтүүчү жерлердин, электр берүү линияларынын, аркалардын, тоннелдердин жайгашуусун көрсөтүү менен калктуу конуштар менен транспорттук контролдоо пункттарынын ортосундагы километражды көрсөтүү менен транзиттик ташуулар үчүн маршруттарды белгилөө менен интерактивдүү картаны түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу маселеси каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көз карандысыз эксперттерди, кызыкдар мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен бул багытта биринчи кезектеги маселелерди белгилөө, жогоруда белгиленген техникалык тапшырманы иштеп чыгуу (процесстердин картасы) жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мында, кеңешменин катышуучулары тарабынан белгиленгендей, белгиленген продуктту иштеп чыгууда, компаниялардын товарларды ташууга байланыштуу чыгымдарын алдын ала аныктоо максатында маморгандардын өкүлдөрүнө тышкары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан колдонууга ыңгайлуулугуна көңүл бөлүү керек, ошондой эле салмак, жүк, көлөмү ж.б. ушул сыяктуу параметрлерди эсептөө үчүн онлайн калькуляторду иштеп чыгуу, тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү документтерди алуу тартиби жөнүндө маалыматты, ташууга документтерди алуу жана берүүнүн электрондук сервисин киргизүү керек. 

Жогоруда белгиленген кеңешмелердин ишинде мамлекеттик органдардын жана бизнестин, Кеңештин катчылыгынын, эл аралык донор уюмдарынын жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн бардык өкүлдөрү катышышты.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу