Экономика министрлиги мамлекеттик органдар менен кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын 21-жыйынын жана кыргыз-орус регион аралык 8-конференциясына даярдыктарды талкуулады

Новости
23-Январь 2019-ж.
2446

23-январда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрликтин жетекчиси Олег Панкратовдун жетекчилиги астында Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында өтө турган   Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын  бизнес-коомчулугунун катышуусу менен кыргыз-россия өкмөт аралык  комиссиясынын 21-жыйынына жана кыргыз-россия регион аралык 8-конференциясына даярдык көрүү боюнча жыйын болуп өттү. 

Россиянын жетекчисинин келиши ушул жылдын март айынын аягына келиши күтүлүүдө. Бул визиттин максаты: кыргыз-россия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, стратегиялык өнөктөштүк, экономикалык долбоорлор жана достукту бекемдөө.   

Экономика министрлигинде болгон жолугушууга бул иш-чарага тартылган министрликтер менен ведомстволордун жооптуу жетекчилеринин орун басарлары  катышты. 

 Жыйындын жүрүшүндө О.Панкратов алдыда  2019-жылдын 24-январында боло турган видеоконференция форматындагы жыйын тууралуу маалымат бере кетти. Тараптар анда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери каралат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу