Кыргызстан менен Россия республиканын түштүгүндө соода -логистикалык борбор түзүүнү макулдашууда

Новости
25-Январь 2019-ж.
2252

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2019-жылдын 24-январында    Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте видеоконференция форматындагы 

Сүйлөшүүдө экономика министри Олег Панкратов, РФнын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Сергей Горьков,  соода -экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуулар боюнча ведомство аралык комиссиянын 21-жыйынынын жана кыргыз-россия регион аралык сегизинчи конференциянын маселелери менен иш алып баруучу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышышты. 

Конференциянын алкагында анын катышуучулары энергетика, билим берүү, товарларды жана транспортту жеткирүү, өнөр-жайы, айыл чарбасы, миграция жаатындагы маселелер талкууга алынды. 

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө экономика министри менен РФнын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Кыргызстандын түштүгүндө соода-логистикалык борборду түзүү маселесин сүйлөшүштү. Логистикалык борбор Өзбекстан менен биргеликте түзүлө тургандыгы каралууда. 

 Конференциянын жыйынтыгы менен тараптар жолугушуунун күн тартибиндеги маселелер боюнча бир пикирге келүү менен консенсуска келишти. Ошондой эле көпчүлүк маселелер кыргыз-россия өкмөт аралык  комиссиянын  21-жыйына жана 8-регион аралык кыргыз-россия   конференциясына чейин жумушчу тартипте чечиле тургандыгын билдиришти. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу