2018-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүү 6,2% жогорулады

Новости
22-Январь 2019-ж.
2071

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын 11 айында 5,9 млрд. АКШ долларын түзүп, өткөн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% жогорулаган. 

өткөн   жылдын 11 айында товарлардын экспортунун көлөмүнүн өсүү темпи өткөн айларга салыштырмалуу жогорулап 1,5 млрд АКШ долларын түздү.  2017-жылдын январь-ноябрындагы 0,8% экспорттук жеткирүүлөрдүн жогорулашы цементти ташып чыгуу-4,3 эсеге, кара металл сыныктарын жана калдыктары-2,5 эсеге, пахта буласы-1,5 эсеге, кийим-13,7% , полирлерленген айнек -7%, көбөйүшү менен шартталган. Ошону менен бирге алтынды экспорттоо 7,8% төмөндөгөн, жалпы экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмүндөгү үлүшү 38,8ден 35,5% га чейин төмөндөгөн. Баалуу металлдардын концентраттары менен  рудаларды жеткирүү 10,8 %, сүт менен сүт продукциялары 14,5%, автомобиль менен тракторлордун тетиктери-24,3%, электр энергиясы 28,9 % кыскарган. 

 Отчеттук мезгилге карата импорттолуучу товарлардын көлөмү 4,4 млрд.АКШ доллары деңгээлинде түзүлүп өткөн жылдын ушул мезгилине карата 8,2% жогорулаган бул трикотаж кездемесин ташып келүү 2,8 эсе, мөмө-жемиштер-1,6 эсе, кийим предметтерин 1,5%, булгаары буюмдарын-1,4 эсеге, кара металл-31,9%, бут кийим-26,9%, жабдуулар жана механикалык жубдуулар-24,3%, желимдер жана алардан жасалган буюмдар-22,4%, кагаз жана картон-16,6%, электр машиналары жана жабдуулар-13% жогорулаган. Алар менен бирге ташылып келген сүт менен сүт продукцияларынын көлөмү 7 эсеге төмөндөгөн, керамикалык буюмдар-2 эсеге, дан өсүмдүктөрү-1,9 эсеге, кант жана канттан жасалган кондитердик  азыктар- 13,9%. Жер семирткичтер-12,6%, фармацевтикалык продукциялар-11,9%, кара металлдан жасалган буюмдар-5,3% көлөмү төмөндөгөн. 

 ЕАЭБге мүчө- мамлекеттер менен республиканын өз ара соода кылуу көлөмү 2.1 млрд. АКШ долларын түзүп өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 4,8% кыскарган. 

 






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу