2019-жылдын 1-январынан Кыргыз Республикасынын аймагында идишке куюлган ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө ЕАЭБ ТР күчүнө кирди

Новости
09-Январь 2019-ж.
3531

Евразия экономикалык бирлигинин "Идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти  ЕЭК Кеңешинин 2017-жылдын 23-июнундагы №45 чечими менен бекитилген. 

Техникалык регламент Евразия экономикалык бирлигинин  бажы аймагында  ЕАЭБдин бажы аймагына жүгүртүүгө чыгарылуучу жана керектөөчүлөргө сатылуучу  идишке куюлган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын өндүрүлүү процесстерине, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү, ошондой эле маркалоо жана ичүүчү сууну таңгактоого ЕАЭБдин бажы аймагында эркин жүгүртүүнү камсыз кылуу үчүн  коопсуздук талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды бекитет 

 Техникалык регламент төмөнкүлөргө жайылтылат: 

 -ЕАЭБдин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарылуучу тамак аш продукциясына тиешелүү жана керектөөчүлөргө сатууга дайындалган  идишке куюлган ичүүчү сууларга, алар: 

 -табигый минералдык суулар (анын ичинде табигый ашкана минералдык суусу, дарылоо-ашкана табигый суусу жана дарылоо табигый суусу), купаждалган ичүүчү суу, кайра иштетилген ичүүчү суу; табигый ичүүчү суу; балдардын тамак-ашы үчүн ичүүчү суу; жасалма минералдаштырылган ичүүчү чуу;

 -идишке куюлган ичүүчү сууну өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү. 

 Техникалык регламент ЕАЭБдин бажы аймагында аткарыла турган жана колдонулууга милдеттүү болгон ичүүчү суунун маркалоосу менен идишке куюуга коюлуучу талаптарды Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы №881 чечими менен кабыл алынган "Тамак-аш продукциясы анын маркалоо бөлүгүндө" (ББ ТР 022/2011) Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптары менен жана Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 16-августундагы №769 чечими менен кабыл алынган (ТР ТС 005/2011) "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин техникалык регламенти менен бир катарда колдонууну белгилейт. 

 Балдар тамак-ашы үчүн ичүүчү суунун идишинде "балдардын тамак-ашы үчүн" деп жазуу же ичүүчү сууну бул максатта арналганын көрсөтүү милдеттүү. Өндүрүүчү же сатуучу ичүүчү суу сунушталуучу балдардын жашы жөнүндө (үч жашка чейин же андан жогору) маалымат берүү менен жалпы минерализация, анын негизги химиялык элементтерин көрсөтүү менен, сактоо шарттарын жана сакталуу мөөнөтүн көрсөтүүгө тийиш. 

 044/2017 ЕАЭБ ТР 2013-жылдан бери иштеп келе жаткан  "Тамак аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" ББ Техникалык регламентинде (ТР ТС 021/2011) белгиленген идишке куюлган  минералдык сууга, ичүүчү сууга  болгон милдеттүү талаптарды толуктайт. 

044/2017 ТРда ичүүчү сууну өндүрүүгө, сактоого, сатууга жана утилдештирүүгө  болгон атайын талаптар белгиленген. Ишкерлер химиялык, микробиологиялык жана радиациялык коопсуздук ченемдерин сактоого милдеттүү. 

 Мисалы техрегламент табигый минералдык суунун курамында коргошундун 0,001 мг/дм3, сымап-0,001 мг/дм3, кадмий-0,003 мг/дм3 ашык болушун чектейт. Тамак-аш минералдык суусунда жана купаждалган ичүүчү сууда альфа-активдүүлүктүн салыштырма суммасы 0,2 Бк/кг , дары-ашкана суусунда жана табигый минералдык сууда-0,5Бк/кг, минералдык суу менен купаждалган суудагы салыштырма суммардык бета-активдүүлүк -1,0 Бк/кг болууга тийиш. 

Табигый минералдык сууну идишке куюуда мамлекеттин мыйзамы боюнча табигый минералдык суу алына турган  скважинанын же булактын антропогендик таасирлерден коргологон болушу милдеттүү болуп саналат.

Балдардын тамак-аштары үчүн ичиле турган суудан башка идишке куюлган ичүүчү суу жана дарылоочу-ашкана жана табигый минералдык суулар жүгүртүүгө чыгарыла турганга чейин декларацияланууга тийиш. Балдардын тамак-ашы үчүн ичүүчү суунун, дарылык-ашкана жана дарылык табигый суулардын  техникалык регламентке шайкештигин баалоо мамлекеттик каттоо формасында жүргүзүлөт. 

 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу