Министр О.Панкратов АКШнын элчиси менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады

Новости
14-Декабрь 2018-ж.
3498

Кыргыз Республикасынын экономика министри 13-декабрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы  Атайын Ыйгарым  укуктуу элчиси Дональд Лу, USAID миссиясынын директору  Гэри Линден, АКШ Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбор Азия иштери   боюнча директору Эрик Руденшольд  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу жүрдү. 

 Америка тарап   Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө  макулдашууну  жакынкы арада түзүү ниетин билдирди, ошону менен бирге Макулдашууга кол коюу соода -экономикалык чөйрөдө кызматташууга жана Кыргызстанга көрсөтүлө турган жардамдын өлчөмүнө оң таасирин тийгизе тургандыгын белгилей кетишти.  

 Иш-чаранын катышуучулары экономика чөйрөсүндө кызматташуунун потенциалы зор экендигин белгилөө менен Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана соода байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз америкалык бизнестин кеңири багыттагы кызматташуусу үчүн  ишкер мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн чараларды кабыл алуу ниетин билдиришти. 

Тараптар ошондой эле америкалык бизнестин Кыргызстанга инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен терең таанышуу үчүн жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды куруу максатында 2019-жылдын сентябрында бизнес- форум өткөрүүнү талкуулашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация концепциясы жөнүндө маалымат берди. Кыргызстан санариптик экономика жана маалыматтык-коммуникациялык технологияны өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. 

 Ошондой эле О.Панкратов америкалык IT-компанияларды бизнес ишине жана Кыргызстанга инвестиция салууга тартууну сунуш кылды. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу