Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарынын Соода - Өнөр жай палатасынын башкы директору менен жолугушту.

Новости
03-Май 2012-ж.
2998

03.05.12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев Дубай шаарында экинчи инвестициялык форумдун алкагында Дубай шаарынын Соода - Өнөр жай палатасынын башкы директору Хамад Буямин мырза менен жолугушту.

""
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Т. Сариев Хамад Буямин мырзаны Кыргызстандын негизги инвестициялык артыкчылыктары менен тааныштырды. Мында министр энергетика, Тоо – кен казуу, туризм жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү сыяктуу артыкчылыктуу секторлорго басым жасады жана бул секторлор араб капиталдары үчүн ачык экендигин билдирди.
Мындан тышкары, министр Т. Сариев Кыргыз Республикасынын Президенти Бириккен Араб Эмиратына күзүндө келүүсүн пландап жаткандыгын жана Дубай шаарында кыргыз – эмират Бизнес-форумунун өтөөрүн айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу