30.04.12. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясаты министри Темир Сариев Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында ар жыл сайын өткөрүлчү 2-чи инвестициялык форумда катышып жатат.

Новости
10-Май 2012-ж.
3012

""

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясаты министри Темир Сариев Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри, шейх Любна Бинт Халид Аль Касиминин жеке чакыруусу менен Дубай шаарында ар жыл сайын өткөрүлчү 2-чи инвестициялык форумда катышып жатат.

Форумдун алкагында түз чет элдик инвестициялар өнүгүп жаткан базарларга тартуу маселелери боюнча конференция болду. Ошондой эле 2011 жылдын январ айында ачылган инвестициялар жарманкеси уюштурулду.
Форумда жогорку деңгээлдеги адамдар анын ичинде бир президент, министирлер жана 127 шаарлардын мэрлери, андан тышкары АСЕАНдын инвестициялык жана банк уюмдарынын, Персия булуңунда жайгашкан өлкөлөрүнүн Ассоциацияснын өкүлдөру катышууда.

Ошондой эле Форумдун алакагында министр Т.Сариев БАЭ тышкы соода министри жана Соода –өндүррүш палатасынын президенти менен кыргыз-эмират эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн талкуулоо .үчүн жана эки жакка пайдалуу кызматташтыкты демилгелөө жана колдоо, БАЭ жана КР Өкмөттөрүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо боюнча жана салыкты эки жолу төлөбөө тууралуу макулдашуулардын долбоорлорун талкуулашат.

Андан тышкары, министр Т.Сариев глодалдык экономиканын архитектурасынын манилүү маселелери боюнча жана өнүгүп жаткан мамлекеттердин дүйнөлүк экономикада орду жана келечеги тууралуу жана глобалдык экономикалык регрессиялардын алдын алуу жолдорун талкуулоодо активдүү катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу