Министр Т. Сариев КР чет өлкөдөгү элчилери менен болгон жолугушууда инвестиция тартуу жана тийиштүү мамлекеттер менен болгон келишимдерди активдештирүү маселелерин талкуулады.

Новости
12-Март 2014-ж.
2378

2014-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Темир Сариев Кыргызстандын ыраакы чет өлкөлөрүнө жаңы дайындалган элчилери менен жолукту.


Жолугушууга төмөндөгүлөр катышышты:

Исаев Асеин Кусеинович – КР Бельгия Падышалыгындагы элчиси, КР Брюссель шаарындагы Европа коомчулгунун Комиссиясынын туруктуу өкүлү;

Адамкулова Самаргүл Эркиновна – КР Индиядагы элчиси;

Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович – КР Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси;

Ибраимов Эрмек Султанович – КР Австрия Республикасындагы элчиси, КР Вена шаарындагы ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарындагы туруктуу өкүлү;

Осмоналиев Арстанбек Арыстаналиевич – КР ИИРдеги элчиси;

Тентимишов Максат Ишенбекович – КР КЭРдин Гуаньчжоу шаарындагы Башкы консулу.


Жолугушуунун жүрүшүндө инвестиция тартуу жана тийиштүү мамлекеттер менен болгон келишимдерди активдештирүү маселелери талкууланды. Министр Т. Сариев республиканын дүйнөлүк коомчулуктун көз алдындагы кадыр-баркын жогорулатууну, бул миссияны аткаруудагы элчилердин орду маанилүү экендигин жана КР өкүлчүлүктөрүнүн чет өлкөлөрдөгү азыркы дүйнө түзүлүшү менен глобализация шартындагы ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу