“Джунда” МЗИЗ үчүн бөлүнүп берилген жер, ижара шартында убактылуу колдонууга берилди.

Новости
07-Апрель 2014-ж.
2402

""КР Экономика министрлиги Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагында жайгашкан жер тилкени (мурунку аэродром) Джунда” Чайна Петроль Компани” ЖЧКга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тууралуу төмөндөгүлөрдү маалымдайт.


217 гектар жердин чоң бөлүгү мунай зат иштетүүчү заводдун санитардык - коргоо зонасына тиешелүү , ал жерге турак жай имараттарды курууга тыюу салынып, техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө гана уруксат берилет.


Берилген жерлер - бул (КР жер кодексинин 10 - беренеси) өнөр жайга, транспортко, байланышка, коргоого ж.б. арналган категорияларга тишелүү жерлер болуп саналат жана алар өндүрүштү кеңейтүү максатында ижаранын негизинде убактылуу колдонууга берилет.


Жер мурдараак КР Коргоо министирлигинин оперативдүү башкаруусунда (аэродром) 20 жылдан ашуун болуп, жергиликтүү бюджетке ижара акысы түшкөн эмес. Айылдык кеңештин депутаттарынын чечими боюнча жерди колдонгондугу үчүн жылына 5,0 млн. сом ижара акысы жана башка салык төлөмдөрү алынып, жергиликтүү бюджетке түшүп (кыймылсыз мүлккө салык жана башкалар) турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу