Экономика министрлигинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Новости
04-Октябрь 2018-ж.
3677

2018-жылдын 3-октябрында КР Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги № 81 «Чыңгыз Айтматовдун  туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызматкерлери катышкан улуу Чыңгыз  Айматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

Кеченин салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып статс-катчы Айдин Шаршеев кызматкерлерди Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап,  кыргыз тилинин өнүгүүсүнүн маанисине жана улуттук маданият жана баалуулуктарды сактоонун мындан ары улантып кетүүнүн маанисине токтолду.

         Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү И.Кадыров сөз сүйлөп өз сөзүндө Чынгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучубуздун чыгармачылыгы муундан муунга актуалдуу маселелерди камтыган түбөлүктүү ойлору менен өзгөчөлөнө тургандыгына басым жасап кетүү менен, ар бир кыргыз ушундай улуу инсаны менен сыймыктанса боло тургандыгын айтып өттү. 

         Ч. Айтматов  кыргыз элинин улуттук   баалулуктары менен анын дүйнөгө болгон көз караштарын ааламдык деңгээлге алып чыгып өз окурмандарынын интеллектуалдук жана руханий аң-сезимдерине зор таасир бере алган дүйнөлүк атакка ээ болгон улуттук сыймыгыбыз. Анын чыгармалары дүйнөлүк адабияттын бай казынасын кыргыз деген ат менен толуктап, кыргыз өңүн киргизе алды. Дүйнө эли кыргызды Чыңгыз Айтматов менен тааныды. 

Иш чарада Чыңгыз Айтматовдун  чыгармаларындагы бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөйлөргө байланышкан улуу ойлорун, образдарын министрликтин кызматкерлери сахналаштырып жандуу ойноп берүү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. 

Бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелеринин бири болгон улуттун улуттук касиеттеринин эн белгиси болгон тил маселеси, үй-бүлөдөгү баалуулуктар  да ар бир команданын  сахналаштырган оюндарында чагылдырылды. Ар бир ойнолгон образдар көрүүчүлөргө терең жеткирилип, министрликтин кызматкерлер ар түрдүү талант ээлери экендигин дагы бир ирет тастыкташты.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тил жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси Мээрим Коңурбаева КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төш белгиси менен сыйланды.  

Кеченин акырында катышуучулар баалуу белектер  жана байгелер менен сыйланышты.

Министрликтин кызматкерлерине ушундай иш-чараларды өткөрүү  менен   Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо жана ошону менен бирге улуттук аң-сезимдерине таасир берүү максатын ишке ашырууда ушундай иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүп турмакчы. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу