Тамак аш продукцияларынын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу боюнча маалымат берүү уланууда

Новости
18-Сентябрь 2018-ж.
3029

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен Кодекс Алиментариус Комиссиясы эл аралык уюму менен биргеликте 2018-жылдын 11-13-сентябрында  Нарын жана Чолпон-Ата шаарларында  "Кодекс Алиментариус Комиссиясынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жана сапатын камсыз кылуудагы ролу" темасында маалыматтык семинар өткөрдү. 



Семинардын максаты тамак аш  продукциясынын сапаты жана коопсуздугу маселеси менен иш алып барган бардык   кызыкдар тараптардын Codex Alimentarius эл аралык программасынын иши,  Кодекстин Кыргыз Республикасындагы улуттук байланыш түйүнүнүн иши, Кыргыз Республикасынын   стандартташтыруу, санитардык жана фитосанитардык кызматтары  сыяктуу ыйгарым укуктуу органдарынын иштери боюнча  маалыматын арттыруу болуп эсептелет. 


Бул иш-чарада доклад менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык эксперти Еронимас Маскелюнас, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин , СМБнын өкүлдөрү  чыгып сүйлөдү. 


Семинардын жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууга алынды

-Кодекс Алиментариус Комиссиясынын  тамак-аш продукциялары менен  эл аралык соода кылуу маселесин жөнгө салуучу эл аралык макулдашууларды  ишке ашыруудагы ролу жана мааниси;

- Саламаттык сактоо, ветеринария, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын тамак аш коопсуздугун камсыз кылуу маселелериндеги ролу, Кодекстин стандарттары менен сунуштарын пайдаланууда алардын потенциалдарын арттыруу ошондой эле Кодекстин Улуттук Байланыш пунктунун функцияларын бекемдөө жана жооптуу органдар менен  Кодекс Алиментариус стандарттарын колдонуу маселелери боюнча  өз ара кызматташуусун кеңейтүү;    



-Улуттук деңгээлде жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тамак аш продукцияларынын техникалык регламенттери менен стандарттарын Кодекс Алиментариус эл аралык документтери менен шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана башка маселелер. 


Семинарда облустук жана райондук борборлордун ооруларды алдын алуу жана санэпидемиялык көзөмөл, ветеринардык кызмат, аймактык сыноо, сертификаттоо жана метрология   борборлору, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. 


Мындан тышкары аталган иш-чаранын алкагында республиканын стандартташтыруу жана санитардык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча жер-жердерде жолугушуулар болду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу