Метрология адистери өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында билимдерин өркүндөтүүдө

Новости
16-Сентябрь 2018-ж.
2465

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Президенттин 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо боюнча Жарлыгына ылайык  өз иштеринин багыттары боюнча аймактык түзүмдөрдү колдоо үчүн көчмө семинарды уюштурууда.

Ошентип, ушул жылдын 13-14-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Оштогу Сыноо сертификаттоо жана метрология борборунун базасында түштүк региондорунун метрология адистери үчүн семинар өткөрүлдү (Баткен, Жалал-Абад жана Ош).

Семинар метролог адистердин техникалык деңгээлин жогорулатууга, метрология жаатындагы заманбап негиздеги документтер менен таанышууга, мыйзамдардагы актуалдуу документтер менен таанышууга багытталып,  ошондой эле эл аралык талаптарга ылайык   калибровканы киргизүү боюнча  биринчи кадам болуп саналат. Семинарда ар түрдүү багытта өлчөөлөрдү жүргүзүүчү 14 адис катышты. 

 Семинардын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

-  Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  

-  КРӨнүн №664 №401 токтомдору жана иш жаатын бекитүүдөгү башка тартиптер.  .

-  Метрология боюнча эл аралык сөздүк.

- Жабдууларды башкарууда өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы иштин түрлөрү.

 Бул семинар  өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында түштүк региондорундагы метрологдорго жардам берүү жана маалыматтарды жаңылоо максатында өткөрүлдү. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу