Министрдин орун басары Э.Абакиров Жалал-Абад облусунун бир катар ишканаларында болду

Новости
16-Июль 2018-ж.
2334

Ушул жылдын 11-июлунан 14-июлуна чейин экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Жалал-Абад облусунун жумушчу иш сапары менен көйгөйлөрдү жеринен чечүү жана таанышуу үчүн Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу- Суу, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы бир катар ишканаларында болду. Ошондой эле шаарлардын мэриялары, район жетекчилери, мамлекеттик администрация жетекчилери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен маанилүү милдеттерди, биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу менен көйгөйлөрдү жеринен таанышуу максатында жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары "Майлуу-Суу лампа заводу" ЖЧК, "Кыргызнефтегаз" ЖЧК, «Дом Ата», «Фермерс органик Гарден», «Ак тайлак текстил» ЖЧК, «Гулам Ата» ЖЧК, «Нур» ЖЧК, «Келечек» ЖЧК, «Мата» ЖЧК, «Кыргыз Петролеум Компани» ЖЧК, «Борбордук Азия таш иштетуучу заводу» ЖЧК болуп өндүрүштүк иштери, чыгарып жаткан продукциялары жана чийки затты сатып алуу менен жеринен таанышты.

Ошондой эле жогоруда негизги продукциялары лампа, нефть табигый газ, кызыл кыш, пахта буласы, өсүмдүк майы, консерваланган жер-жемиштер, ширелер, минералдык суу, кондитер азыктары, электр бөлүштүргүч аппараттар, электр зымдары, жыгач эмеректери, типографиялык бланктар, бензин, мазут өндүргөн аталган ишканалардын негизги көйгөйлөрү, келечектеги пландары, өндүргөн продукцияларын сатуудагы негизги маселелер жөнүндө жеринен таанышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу