Кыргыз Республикасынын Региондорунда сапат инфраструктурасын өнүктүрүү жөнүндө

Новости
26-Июль 2018-ж.
2367

2018-жылдын 26-27-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун регионалдык сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборлорунун жетекчилери үчүн "Кыргыз Республикасынын региондорунда сапат инфраструктураларын бекемдөө" багыты боюнча семинар болуп өттү. Бул семинар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы СМБ тарабынан Германиянын Физика-Техникалык институту менен биргеликте уюштурулду.

Бул семинарда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун аймактык түзүмдөрүнүн бардык директорлору катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык региондорду өнүктүрүү негизги маанилүү факторлордон болуп эсептелет, анткени региондордо өнүгүп келе жаткан өнөр жай ишканалары жайгашкан. Бул учурда метрологиялык камсыздоо менен байланышкан биздин региондордогу өкүлдөрүбүз активдүү роль ойношот.

Өнөр жайлуу мамлекеттер өздөрүнүн соода иштеринде көп түрдүү стандарттарга жана техникалык регламенттерге таянышат. Эгерде мамлекет дүйнөлүк рынокко чыгууну кааласа ал стандарттык каражаттарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге, метрологияга, сыноолорго, сапатты баалоого, сертификаттоого жана аккредитациялык стандарттарга таянуусу зарыл.

Бул элементтер Улуттук сапат инфраструктурасынын компоненттери болуп саналат

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер каралат:

- Кыргыз Республикасынын сапат инфраструктурасы;

-региондордогу кырдаал жана заманбап сапат инфраструктурасы;

-регионалдык жана эки тараптуу долбоорлор ;

-регионалдык борборлорду колдоо үчүн мүмкүнчүлүктөр.

Семинардын жыйынтыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун аймактык түзүмдөрүнө аларды региондун экономикасына байланыштыруу менен жардам берүүсү күтүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу