Тамак-аш продукцияларынын коопсуздук менеджментинин тутуму жана аларга коюлуучу талаптар жөнүндө

Новости
26-Июль 2018-ж.
2563

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда (мындан ары-СМБ) "ХАСППга киришүү жана тамак- аш продукцияларынын коопсуздугу, кооптуулук бөлүгүн талдоо бөлүгүндө" темасына карата коомчулукка маалымат берүү боюнча семинар болуп өттү.

Мындай маалыматтык семинарлар ай сайын Германиялык эксперт Дитмар Спекмайердин катышуусу менен өткөрүлөт.

Семинардын максаты коомчулукка, тагыраагы өндүрүүчүлөр жана тамак-аш продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө тамак-аш продукцияларынын коопсуздугунун менеджменти жана аларга коюлуучу талаптар жөнүндө маалымат берүү.

Мындай семинарлар жеке сектордун коопсуздук маселесине көңүлүн буруу үчүн кызмат кылуу менен чарбакер субъекттерге өз өндүрүшүндө НАСПП принциптерин жана тамак-аш продукцияларынын коопсуздук менеджментинин системасын ишке киргизүүнү каалаган чарбалык субъекттерге жардам берүү менен ата-мекендик ишканалардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө өз продукцияларын сатууда атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга колдоо көрсөтөт.

Бажы биримдигинин 021/2011 "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентке ылайык продукциянын коопсуздугуна карата коюла турган талаптар менен байланышкан тамак-аш продукциясын өндүрүү процессинде даярдоочу НАССП( Hazard Analysis and Critical Control Points)принциптерине негизделген жол-жоболорду иштеп чыгып ишке киргизүү менен колдоого милдеттүү.

Семинардын жүрүшүндө жеке сектордун өкүлдөрү өздөрүнүн мындай семинарларды өткөрүүгө кызыкчылыктарын билдирүү менен тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу жаатында алынган маалыматтардын баалуу болгондугун белгилей кетишти.

Бул семинарга "Кирби" ДЧ, "Дани Эль" ЖЧКсы, «Bear Beer» ЖЧК, «Биоквас» ЖЧК, «Биовит» ЖЧК, «ТД Народный», «Глобус» гипермаркети, М.Рыскулов атындагы КЭУ жана башка бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу