Министр О.Панкратов жана Бишкектеги ОБСЕнин башчысы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү талкуулашты

Новости
24-Июль 2018-ж.
2662

2018-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде экономика министри Олег Панкратовдун Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин жетекчиси элчи Пьен фон Аркс менен жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында 2018-жылдын ноябрь айынын биринчи жарымында Бишкек шаарында мамлекеттик, жеке жана академиялык секторлордун катышуусунда, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусу менен электрондук бизнес боюнча биргелешкен конференция уюштуруу маселеси талкууланды.

Элчи Пьер фон Аркс Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин иши жөнүндө маалымат берип, анын ичинде Кыргыз Республикасынын 4 шаарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселеси боюнча, Ош шаарында ишкерлерди колдоо борбору жана башка шаарларда ушундай борборлорду ачуу иштери жөнүндө маалымат берди.

Тараптар мындан башка артыкчылыктуу биргелешкен долбоорлор тууралуу талкуулашты жана мындан ары өз ара пайдалуу жана ийгиликтүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу