"Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

Новости
18-Январь 2017-ж.
1966

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдианын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда жактырды.

Белгилүү болгондой акыркы учурда Өзбекстан Республикасынын жетекчилигинин тышкы саясий багыты оң жагына өзгөрүүдө, мамлекеттер менен мамилелери жакшырып мындан аркы эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин активдүү өнүгүүсү үчүн шарт түзүлөт.
Бул тенденцияны эске алуу менен мындан аркы өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө ченемдик-укуктук базаны шайкеш келтирүү зарылчылыгы жаралат.

Аталган максатка жетүү үчүн биринчи жасалган кадам болуп 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдианын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо болот.
2011-жылдын 18-октябрында КМШ мамлекеттеринин 8 мамлекетинин ортосунда (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Украина) КМШ нын эркин соода аймагы жөнүндө келишимге кол коюлган.

Өзбекстан Республикасы бул келишимге кол коюлгандан кийин кошулууну чечкен. Ушуга байланыштуу 2013-жылдын 31-майында 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдианын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколго кол коюлган.

Протокол ратификация болгонго чейин Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода мамилелери 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода аймагын түзүү жөнүндө Макулдашуу менен жөнгө салынып келген.
1994-жылдагы Макулдашуудан айырмаланып, Протокол эркин соодадагы алып салуулардын тизмесин так аныктаган (тараптар өз ара соода жүргүзүүдө экспорттук /импорттук алымдар колдонулуучу товарлардын тизмеси жана башка тыюу салуулар менен чектөөлөр)
Тактап айтканда, төмөнкүлөр белгиленет:
-тараптар келишим түзгөн тараптардын бажы аймагында өндүрүлүүчү товарларды импорттоодо паритеттүү негизде тиешелүү бажы алымдары колдонулбайт;
-тараптар товарларды экспорттоодо бажы алымдарын өз ара мамиленин негизинде колдонушат;
-Өзбек тарап экспорттоого тыюу сала турган товарлардын тизмеси бекитилди.
Ошентип, протокол тараптардын ортосундагы соода мамилелерди жөнгө салуучу тартиптердин туруктуулугун алдын алуучулугун түзүп. Өз ара соода көлөмдөрүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле, Өзбекстандын бул Келишимге 2011-жылы кошулуу шарттарынын өзгөчөлүктөрү, Өзбекстан үчүн ДСУ макулдашуусуна карата шилтеме ченемдер 2020-жылдын 31-декабрына чейин Өзбекстан республикасы ДСУга кошулганга чейин колдонулбайт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу