Кыргыз Республикасынын Экономика министри Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министрине эки тараптуу кызматташууну алга жылдырганы үчүн ыраазычылык билдирди

Новости
12-Январь 2017-ж.
1906
2017-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шарифтин жолугушуусу болуп өттү. Негизги министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган расмий делегация соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөт аралык комиссиясынын 3-отурумунун алкагында Исламабад шаарында болушту.

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Наваз Шариф Өкмөт аралык комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Министр А. Кожошевди кабыл алды жана кыргыз-пакистан ӨАК жыйынын жыйынтыктары боюнча ыраазычылык билдирди, бул кадам биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мындан аркы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсүнө чоң түрткү берет. Премьер-министр Наваз Шариф Кыргызстандын Пакистандын ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары катышуусунда колдоосун жогору баалоо менен эки өлкөнүн бир туугандык мамилелерин дагы бир ирет тастыктады.

Пакистан премьери Кыргызстанды ишке ашырылып жаткан "Кытай-Пакистан: экономикалык коридор" долбоорунун потенциалын активдүү колдонууга чакырды, ал аркылуу бардык Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу Кыргызстанга да Пакистан порту аркылуу ачык деңизге чыгууга кыска жол ачылмак.

Кыргызстандын өлкө башчысына жылуу саламын жолдоо менен Премьер-министр Н.Шариф ушул жылдын 1-мартында Исламабад шаарында боло турган ЭКУнун Саммитине катыша тургандыгына ишеним артты.
Экономика министри А. Кожошев Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министрине эки тараптуу кызматташууну алга жылдырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Пакистан премьер-министрине эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган, кыргыз-пакистан ӨАКтын болуп өткөн жыйынын протоколунда чагылдырылган Пакистан Өкмөтү менен жетишилген келишимдер жөнүндө маалымат берди.
Тактап айтканда министр А. Кожошев тараптардын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун бекемдөөгө болгон өз ара аракеттерин, ошондой эле транспорттук байланыштар менен энергетикалык CASA-1000 долбоорун илгерилетүүгө оң баа берди.


ӨАКтын кыргыз тарабынын теңтөрагасы "Кытай-Пакистан: экономикалык коридор" долбооруна кызыкдар экендигин билдирди, аны ишке ашыруу менен Евразия экономикалык мейкиндиги менен Түштүк Азиянын ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө жол ачат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу