Техникалык жөнгө салуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Новости
09-Январь 2017-ж.
1961
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Корея Республикасынын Технология жана стандарттар боюнча Корей агенттигинин ортосунда техникалык жөнгө салуу стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул документке Алмаз Сазбаков менен Корея Республикасынын Техникалык барьерлер жана соода иштери боюнча бюросунун генералдык директору БёнгХва Анкол койду.

Корея тарабынан демилге кылынган Меморандум Кыргыз тараптан колдоого алынып Өкмөттүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы буйругу менен жактырылган.

Меморандумдун максаты болуп текстиль жана коштоочу продукциялар тармагындагы, андан ары жеңил өнөр жай тармагында техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатындагы өз ара кызматташууну бекемдөө болуп эсептелет, ошону менен бирге кыргыз -корей соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу