Экономика министрлигинин Call-борбору боюнча 48 мүнөттүк маалыматтык ролик даярдалды

Новости
03-Январь 2017-ж.
1937

Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун "Кыргыз Республикасында соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун колдоосу астында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында 1220- номуру боюнча республиканын тургундарына жана ишкерлерине акысыз кызмат көрсөтүүчү Call -борбор ачылды.

Call -борбордун ишинин негизги максаты өлкөдөгү ишкердик иш жүргүзүү тартиптери, Евразия экономикалык бирлигинин шартындагы жаңы жоболор, ошондой эле ВСП+ статусу жөнүндө калктын калың катмарына түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык коштоону алып баруу болуп эсептелет.

Кеп-кеңеш жана так маалымат алуу үчүн жарандар жана ишкерлер Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматтык борборуна 1220 түз телефон номери аркылуу кайрыла алышат, ошондой эле өз суроолорун электрондук түрдө www.info.trade.kg интернет-порталы аркылуу жибере алышат.

Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган call-борбордун иши жөнүндө калкка маалымат берүү максатында КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестициялар жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттиктин көмөктөшүүсү астында 48 секунддук маалыматтык ролик даярдалды.

Улуттук теле-радио каналдарды маалыматтык роликти мезгил-мезгили менен көрсөтүп туруу үчүн эфирдик убактысын бөлүүнү суранып жатабыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу