Министр А. Кожошев Бишкек жана Чүй облустарындагы инвестициялык объекттерде болду

Новости
11-Январь 2017-ж.
1886
2016-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Бишкек жана Чүй облустарындагы инвестициялык объекттерде болду.

Тактап айтканда, министр Чүй облусунун Ысык -Ата районунун Красная речка айылындагы «Йимпаш Лтд» Турция, компаниясынын заманбап эт сүт комбинатынын курулуш иштери менен таанышты.

Бул сапардын жүрүшүндө долбоордун статусу жана ишке ашыруу талкууланды. Долбоор эт сүт продукциясын экспорттоо дараметин жогорулатууга багытталган. Жалпы инвестициянын көлөмү 5 млн. АКШ доллары.
2016-жылдын июлунда пайдубалы түптөлүп курулуш иштери башталган. Бирок учурда компания электр кубаттуулугу жетишпегендиктен курулушун уланта албай турат.

Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик "Түндүк электро" ААК менен жана "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" менен инвесторлордун учурдагы маселелерин чечүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.










Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу