Министр А. Кожошев «Новотел» бренди менен курулуп жаткан мейманкананын курулуш объекти менен таанышты

Новости
05-Январь 2017-ж.
2025

Бүгүн Бишкек шаары жана Чүй облусундагы инвестициялык объекттер менен таанышуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Бишкек шаарында "Новотел" бренди менен курулуп жаткан мейманкананын курулуш объекти менен таанышты. Эл аралык стандарттагы мейманкананын курулуу долбоорун (4-класс) ата-мекендик " Интегра" ЖЧК компаниясы ишке ашырууда. Инвестициянын көлөмү 25 млн. АКШ доллары.

Долбоорду ишке ашыруунун талкуулоонун жүрүшүндө «Интегра» компаниясы дүйнөлүк тутумдагы "Аккор" мейманканасынын эл аралык стандарттагы мейманканасын Кыргыз Республикасында "Новотел" бренди менен куруу долбоорун инвестициялоого кызыкдар экенин билдирип тиешелүү Макулдашууларга кол коюу жолу менен кызматташууну баштоого даяр экендигин билдиришти.

Ушуга байланыштуу 2015-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик менен "Интегранын" ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө Алкактык макулдашууга расмий кол коюлган. Ошондой эле, "Интегра" компаниясы аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча кенен презентациясын көрсөттү.

Бул долбоорду ишке ашыруу максатында "Интегра" компаниясы Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Тынчтык проспектинин кесилишинен жалпы аянты 10777 м2. жер сатып алышты. Учурда Инвестиция агенттигинин көмөктөшүүсү алдында Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын шаар куруу кеңешинде уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жобосунан өттү.

2015-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында мейманкана куруу жөнүндө лицензиялык макулдашууга расмий кол коюу үчүн «AccorGroup» француз компаниясы жана «IntegraHotelInvestment» ЖЧК, ошондой эле Инвестиция агенттиги менен «Интегра» жана «Аккор» кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн вице-президент, Accorдун Россия, Грузия жана КМШдагы регионалдык директору, «РашэнМэнэджмэнтХотэлКампани» генералдык директору Алексис Деларофф келген.

2016-жылдын 27-августунда долбоорго өзгөртүү киргизилген:

-унаа токтотуучу жайдын жетишсиздигинен мейманкананын аймагында автомобиль кырсыктарынын болуу тобокелдигин азайтуу үчүн.

кошумча -2 кабат кошулду.

Ушуга байланыштуу ички макулдашуу жол-жоболору жүргүзүлүп, анын натыйжасында долбоорду ишке ашыруу процесси белгилүү бир убакытка чейин созулуп кетти. Жыйынтыгында, бүгүнкү күнгө чейин долбоор боюнча 11-кабат курула турган болду. Котлован казуу конструкция боюнча эсептөө-долбоорлоо иштерин аягына чыгаргандан кийин башталат. 2017-жылдын май-июнуна пландаштырылган. КРӨнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен экспертизалык уруксат кагаздарын алуу зарыл. Параллелдик объектти долбоорлоого уруксат алынды.

Accor компаниясы -1967-жылы түзүлгөн француз компаниясы, мейманканалардын жана ресторандардын эл аралык түйүнүнүн оператору. Штаб- квартирасы Парижге жакын шаар Эвриде.

AccorGroupтун дүйнө боюнча менчигинде жана башкаруусунда 4-миңге жакын отелдери бар, жалпы номерлик фонду 500 миң номер, алар төмөнкүдөй бренд менен иштешет:

Sofitel — люкс классындагы отелдер;

Pullman — жогорку класстагы отелдер;

Novotel — орто класстын жогорку сегментиндеги стандартташтырылган отелдер;

Adagio — апартоотелдер ( узак мөөнөттүү комплекстер) орто класстын жогорку сегменти;

Mercure — орто класстагы отелдер;

Ibis — стандартташтырылган эконом класстагы отелдер;

IbisStyles — эконом класстагы отелдер;

IbisBudget и Formule 1 — стандартташтырылган бюджеттик отелдер;

Motel 6 — Канада менен АКШдагы стандартташтырылган бюджеттик отелдер .

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу