Министр А.Кожошев "Искра Азии" ЖЧК кызматташуу үчүн агрардык өнөр -жай паркы менен таанышты

Новости
05-Январь 2017-ж.
2082

2017-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Чүй облусундагы инвестициялык объекттер менен таанышуунун жүрүшүндө "Искра Азии" ЖЧК кызматташуу үчүн агрардык өнөр -жай паркы менен таанышты (мындан ары "Кызматташуу зонасы).

"Азия жылдызы" кызматташуунун айыл чарба зонасынын жалпы аянты 4.6 кв.м түзүп бишкек шаарынын 60 км чыгыш тарабынан Искра айылына жакын жайгашкан. Курулуштун аяктоосу 2020-жылга белгиленип, эки этапта жүргүзүлөт:

1-этап 2015-жылдан -2017-жылга чейин -2,6 кв. кв

2-этап 2018-2020 жж. 2 кв.км

Бул долбоордун башкы демилгечиси " ГуйЮ Хэнань ишкер корпорациясы " болуп эсептелет.

Капитал тартуу: 1 млрд. АКШ доллар капиталы менен 20 дан ашык компанияларды тартуу пландаштырылууда. Анын ичинде 12 компания биринчи этабында. 8 экинчи этапта.

Кызматташуу зонасы төмөнкүдөй секторлорго бөлүнөт, көбөйтүү, өстүрүү, бордоп багуу, союу, жемди кайра иштеп чыгуу, тамак-аш продукцияларын кайра иштетүү, тоңдурулган продукциялардын жана эл аралык соода кылуунун логистикалык борбору,

Электр менен камсыз кылуу: Кызматташуу зонасына УЭС электр энергиясын берет, жана электр энергиясына болгон керектөөнү толук бойдон канааттандырат. Аймакта өзүнүн трансформатордук көмөкчү чордону бар.

Суу ресурстары: аймакта 6 скважина бар жалпы суу берүүнүн жалпы көлөмү күнүнө 500 тоннаны түзө алат. Бул сууга болгон керектөөнү толук канааттандырат.

Транспорт: кызматташуу зонасы Кыргызстан-Казакстан автомагистралынын жанында жайгашкан.

Багыты: Ветеринариялык толук тутумду куруу жана Кыргызстандын айыл чарба потенциалы менен Кытайдын капиталын пайдалануу аркылуу айыл чарба продукциясынын толук байкоодо болуусун камсыз кылуу пландаштырылууда.

6-жылдан кийин ал үч багыт боюнча : эт продукцияларын багуу, өндүрүү жана камсыз кылуу боюнча "эл аралык база" болуп калат.

Кызматташуу зонасы төмөнкүдөй маселелерди чечүүнүн үстүндө активдүү иш алып барат: жеңилдетилген саясат алуу, мал чарба тармагындагы стандарттарды иштеп чыгуу; беш тутумдан турган аянтчаны куруу; жогорку сапаттагы жемди өндүрүү тутуму, масштабдуу түрдө көбөйтүү тутуму, стандартташтырылган кайра иштетүү тутуму, тоңдурулган продукциялардын логистикасы жана эл аралык соода, жандыктардын карантини жана инспекциясы жана айыл чарба продукциясын байкоого алуу тутуму.

Учурдагы статусу: учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен "Искра Азии" ЖЧК нын ортосунда Кыргызстанда "Азия жылдызы" айыл чарба кызматташуу зонасын түзүү" долбоорун ишке ашыруу жана каржылоо боюнча стратегиялык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

" ГуйЮ Хенан корпорациясы " ЖЧК нын иши жөнүндө маалымат: үй жаныбарлары үчүн азыктарды экспорттоо жана Кыргызстанда "Азия жылдызы" айыл чарба кызматташуу зонасын түзүү.

Хэнан "ГуйЮ соода- өнөр-жай корпорациясы"2005-жылы негизделген. Корпорациянын башкы офиси Шанцюпров. Хэнань шаарында жайгашкан, бул Шаньдун, Сучжоу, Аньхой провинцияларынын кесилишинде жайгашкан. Корпорациянын тутумуна Фу Жунь Хэнан корпорациясы, Хэнан "ГуйЮ соода- өнөр-жай корпорациясы", ошондой эле 11 холдинг компаниялары бар. «ГуйЮ» корпорациясы "Бир алкак бир жол" стратегиясын өнүктүрүүнү активдүү колдойт жана Кыргызстандын аймагында "Искра Азии агрардык кызматташуу зонасын" уюштурган.

2016-жылдын мартында Биринчи вице-премьер- министр М.Абулгазиев менен КЭР дин Сапаттык контрол жана инспекция карантин боюнча башкы башкармалыгы менен жолугушуунун жүрүшүндө Кытайга этти экспорттоо боюнча маселе талкууланган жана КЭРге экспорттоо үчүн канаттууларды кайра иштетүү продуктыларынан үй жаныбарларынын азыктарын кайра иштетүү жөнүндө Протоколго кол коюу жөнүндө келишимге кол коюуга жетишилген.

Протоколго кол коюну иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан алып жүргүзүлүүдө, алардын маалыматтары боюнча протокол КЭРдин Сапаттык контрол жана инспекция карантин боюнча башкы башкармалыгы менен макулдашылууда жана кытай тарабынан жооп күтүлүүдө, ал жооп КР ТИМ аркылуу алынат. Ошону менен бирге "Гуй Ю Хэнан корпорациясы " КР Экономика министрлигине караштуу Инвестиция агенттигине протоколго коюуну тездетилүүсүнө көмөктөшүү суранычы менен кайрылды.

Өз кезегинде Агенттик тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга кат жиберилген, анда учурда 2016-жылдын 1-ноябрында № 474-р буйругу чыккан. Анда Протоколдун долбооруна принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиле тургандыгы көрсөтүлөт.

"Гуй Ю Хэнан корпорациясы " ЖЧКсы Чүй облусунун Искра айылынын "Искра Азии" ААКка канаттуулар фабрикасынын долбоорун инвестициялаган. Компания ачылган күндөн тарта коммерциялык иштер менен ийгиликтүү иш алып барууда. Компаниянын негизги иши болуп тооктун этин даярдоо жана тооктун этин дүңүнөн сатуу болуп эсептелет. Искра айылында 560 га жер участогу, жем сактаганга, бакканга, союп эт сактоого колдонуудагы имараттары бар. Учурда фабрика толук бойдон иштөөдө. 2016-жылдын 20-сентябрында Урумчу шаарында болуп өткөн Евроазия көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен "Гуй Ю Хэнан корпорациясы " ЖЧКсынын ортосунда Меморандумга кол коюлду. 2017-жылы компания өз ишин этти кайра иштетүү жана айыл чарба тармагында кеңейтүүнү жана Кытайга экспорттоону пландаштырууда (ири жандыктар менен майда жандыктарды багуу). Компания жер участогун ижарага алган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу