Күч боюнча өлчөөлөргө байкоо жүргүзүүнү камсыздоо жөнүндө

Новости
24-Ноябрь 2016-ж.
2022

Өлчөөлөргө байкоо жүргүзүү алкагында лабораторияларды аккредитациялоо боюнча эл аралык кооперациянын (ИЛАК) талаптарына шайкеш келбей калууну жок кылуу максатында Стандартташтыруу жана метрологиянын Бишкек сыноо борбору Украинада даярдалган жана «Укрметртестандарт» аккредитацияланган мамлекеттик ишканасында калибровкадан өткөн 5 тен 200 т чейинки күчтүн эталондук датчиктери сатылып алынды. Кийинки кадам болуп Кыргыз Республикасындагы пресстер менен ажыратып бөлүүчү машиналарды калибрлөөнү ишке киргизүү болуп саналат.

Бул маселени чечүү үчүн ПТБ долбоорунун алкагында Германия физико-техникалык институтунун күч лабораториясынын адиси Гюнтер Хаукенин келүүсү күтүлүүдө.

Анын келүү максаты болуп Бишкек Стандартташтыруу жана метрология борборунун механикалык өлчөө лабораторияларында күчтүн, пресстин жана ажыратып бөлүүчү машинаны калибровкалоонү үйрөтүү, ошондой эле өлчөөнүн бул жаатындагы аныкталбаган өлчөөнүн эсебин алуунун аспектиси, ошондой эле туруктуулукту тастыктоо үчүн эталондук күч өлчөөчү машиналарды изилдөө жүргүзүлөт.

Окутуу тренингинин натыйжасы боюнча Бишкек Стандартташтыруу жана метрология борборунун механикалык өлчөө лабораторияларынын адистери калибровка жүргүзө алышат ошону менен бирге күч боюнча өлчөөнү байкоо жүргүзүү камсыз болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу