Кыргыз Республикасынын ССМдин алдындагы Улуттук госпиталда метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыктары

Новости
15-Ноябрь 2016-ж.
1998

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын сакталуусуна, метрологиялык эрежелер жана ченемдер, өлчөө бирдигин колдонуу абалы жана стандарттык үлгүлөрдүн сакталуусуна текшерүү жүргүздү.

Улуттук госпиталдын ишинин негизги милдеттери болуп:

-Кыргыз Республикасынын калкына жана анын аймагынан жиберилген оорулууларга алдын ала дарылоо, дартты аныктоо, дарылоо жана калыбына келтирүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуу менен жогорку адистештирилген, жогорку квалификациядагы, стационардык жана поликлиникалык медициналык жардам көрсөтүү.

Улуттук госпиталдын ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аккредиттөө жана лицензиялоо, персоналдарды аттестациялоо жана квалификациялык талаптарды белгилөө менен ишке ашырат. Медициналык аккредитациялык комиссиянын 2014-жылдын 10-октябрындагы №54 чечими менен Улуттук госпиталга Аккредиттелген саламаттык сактоо уюму” деген макам ыйгарылган. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредиттөө боюнча Байкоочу кеңештин 2014-жылдын 10-октябрында №43 чечими менен Улуттук госпиталга жогорку аккредиттик категория ыйгарылган.

Текшерүү жыйынтыгы:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан акыркы көзөмөл 2014-жылдын мартында жүргүзүлгөн, көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Улуттук госпиталдын жетекчилигине Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо боюнча сунуштар берилген.

Өлчөө каражаттарынын 413 бирдиги текшерилип, анын ичинен 183 бирдик текшерүү мөөнөтү аяктаганы белгилүү болду, бул жалпы текшерилген өлчөө бирдиктеринин 44,3% түзүп, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары, алгачкы жана мезгилдүү текшерүүгө алынат” деген Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу Мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун талаптары бузулууда.

кылуу боюнча кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо боюнча иши тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес.

Жыйынтык: Улуттук госпитал Кыргыз Республикасынын Өлчөө бирдейлигин

Улуттук госпиталь Кыргыз Республикасынын Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу Мыйзамынын талаптарын сактабайт, анткени өз ишинде текшерилбеген өлчөө каражаттарын колдонууда жана берилип жаткан өлчөө натыйжалары ынанымдуу экендигине шек туудурат, ошол эле мезгилде пациенттердин өмүрү менен ден-соолугуна коркунуч жаратат. Метрологиялык көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча ачыкка чыккан мыйзам бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндөгү билдирүү берилип администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу