Учурда Бирдиктүү Реестрде 373 кызмат катталса, анын ичинде 224 –акы төлөнүүчү жана 149-акысыз кызмат көрсөтүүлөр

Новости
17-Ноябрь 2016-ж.
2262
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2016-жылдын 1-ноябрына карата аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүктөрү көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри жөнүндө маалымат берет.
Бөлүмдөр Кызмат көрсөтүүлөрдүн саны
баары Анын ичинде:
бекер Акы төлөнүүчү
Билим берүү жана маданий кызмат көрсөтүүлөр 105 56 49
Медициналык кызмат көрсөтүүлөр 23 9 14
Социалдык кызмат көрсөтүөүлөр 27 21 6
Каттоо кызматтары, маалымкат , күбөлүк, жана алардын көчүрмөлөрүн жана жупнускаларын берүү кызматтары 91 35 56

Изилдөө, талдоо, экспертиза кызматтары
44 5 39
Маалымат берүү 55 18 37
Басып чыгаруу, көчүрүү жана басмакана кызматтары 5 0 5
Коопсуздук жана сактоону камсыз кылуу 15 5 10
Башка кызматтар 8 0 8
баары: 373 149 224

2015-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомство аралык 4-жыйын болуп өттү.

Ведомство аралык комиссиянын 2016-жылдын 14-октябрындагы кезектеги кеңешмесинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттары;

- Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине Жогорку окуу жайларындагы тереңдетилген профилдик предметтерди үйрөтүү менен орто жалпы билим берүүнү” киргизүү.

-Аткаруу бийлик органдарынын, алардын структуралык түзүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелси н кароо.

Ведомство аралык жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

- Бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр реестрине, Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүүчү Жогорку жалпы окуу жайларындагы тереңдетилген профилдик предметтерди үйрөтүү менен орто жалпы билим берүүнү” киргизүү

-Реестрден:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынан Качкындарга күбөлүк берүү” кызматын алып салуу;

-Ички иштер министрлигинен Мамлекеттик кайтарууга алынган жана расмий делегациялардын жетекчилерин коштоо” кызматын алып салуу;

Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-февралындагы Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору иштелип чыкты.

Ошондой эле экономика министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгып бекитүү боюнча мамлекеттик органдарга көмөктөшүү боюнча иш алып барууда. 2016-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестриндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 373-нүн ичинен 275-мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты бекитилип, 2011-жылдын 31-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча Ведомство аралык комиссия карап чыккан, 360 мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты колдоого алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын кароо жана кол коюу стадиясында 49-мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын долбоору, министрликтер менен ведомстволордун макулдашуу стадиясында -36-долбоор турат.

Мындан тышкары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгып бекитүү боюнча мамлекеттик органдарга көмөктөшүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2016-жылдын 1-ноябрына карата.

-мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 176-долбоору иштелип чыкты;

-218-административдик регламент иштелип чыгууда;

-23 орган тарабынан административдик регламенттин 119-долбоору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине алдын ала карап чыгууга жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20-июндагы буйругу менен Экономика министрлигинин мамлекеттик кызматтарынын11 административдик регламенттери бекитилгендигин белгилей кетүү зарыл.

2016-жылдын 1-кварталында Экономика министрлиги бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча изилдөөгө катышты. Бул принциптерде үч облуста көп функционалдуу Калкты тейлөө борборлору” ишке кирет.

Бирдиктүү терезе” принциптери боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун жана 2014-жылдын 17-июлундагы Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун натыйжалуу ишке киргизүү максатында, 2013- 2017-жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө өтүүсү боюнча Өкмөттүн программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыгып, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн шарт түзүүгө багытталган.

Бирдиктүү терезе” принциби мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү арыз берүүдөн тарта жыйынтыгын берүүгө чейинки көрсөтүлө турган кызматтарды бир мекемеден бир жерден берүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карайт. Тактап айтканда, бирдиктүү терезе” аркылуу бериле турган эң көп суроо талапка ээ мамлекеттик кызмат көрсөтүү катары төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр алынды:

-жумушсуздук боюнча жөлөк пул дайындоо жана берүү;

- социалдык жөлөк пулдарды чектөө дайындоо жана берүү;

-ай сайын берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул чектөө жана берүү;

-туулгандыгын каттоого алуу;

- никеге тургандыгын каттоого алуу;

-никени бузууну каттоого алуу.

Бул кызмат көрсөтүүлөр электрондук система аркылуу ишке ашырылып, 5 мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара карым катнашты камсыз кылат.

Аларга:

-Экономика министрлиги;

-Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитети;

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

-Мамлекеттик каттоо кызматы;

-Социалдык фонд;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү- мамлекеттик ишканалардын, жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттенмелерин же кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда, керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу керектөөлөрүн канааттандырууда, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын ишке ашыруудагы суроо талаптарын канааттандырууда, өз компетенциясынын алкагында иштеген ишинин натыйжасы.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө реформа жүргүзүүнүн негизги максаты коомго жарандарга зарыл болгон кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу