Министр А.Кожошев Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда алдыдагы долбоорлор жөнүндө талкуулады

Новости
24-Октябрь 2016-ж.
1821

2016-жылдын 24-октябрында министр А.Кожошев Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын биринчи вице-президенти Фил Беннет , Турция жана Борбордук Азия боюнча аткаруучу директор Наталья Ханженкова , ошондой эле Борбордук Азия боюнча директор Нил Маккейн менен жолугушту.

Министр А.Кожошев Европа өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүн Европа Өнүктүрүү жана реконструкция банкынын уюштурулгандыгына 25-жыл болгону менен куттуктады жана банктын Кыргызстандагы жеке секторду өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички рыногунда улуттук валютада облигацияларды чыгарууга эл аралык уюмдар үчүн чектөө маселелери, жашыл климаттык фонддун финансылык ресурстарына жеткиликтүүлүккө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү, Кыргыз Республикасы менен Европа банкынын ортосундагы долбоорлор жөнүндө талкуулашты.

Ошондой эле министр Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын өкүлдөрүнөн эл аралык деңгээлде инвестициялык долбоорлорду даярдоодо бизнестин потенциалын жогорулатуу инструменттерин капиталдаштырууда насыя менен камсыз кылууда күрөө маселелерин чечүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну суранды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу