Бүгүн Кыргызстандын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө

Новости
23-Октябрь 2016-ж.
2079

Өлкө экономикасын башкарууда стандартташтыруу жана метрологиянын ролу маанилүү экендигин эске алып Өкмөт, 1996-жылдын 1-октябрындагы буйругу менен жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүн бекиткен.

Стандартташтыруу жана метрология техникалык жөнгө салуунун натыйжалуу рычагы катары республиканын экономикасына анын бардык тарыхый этаптарында өз салымын кошуп келет. Республикада суроо-талапка ээ болгон биринчи стандарт болуп буудайга болгон стандарт болгон.

Азыр Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору түзгөн техникалык регламенттердин жана стандарттардын 23 миңден ашык документти камтыйт. Ата-мекендик экономиканын багытын өзгөртүү, аны дүйнөлүк чарбага интеграциялануусу Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология тутумунун бардык уюштуруу структураларын жана принциптерин өзгөртүүнү талап кылды.

Бүгүнкү милдет стандарттын ролун маанилүү маалыматтын булагы катары гана эмес, стандартта техниканын технологиянын жана тажрыйбанын жетишкендиктерине негизделген эрежелер жана ченемдер келтирилген, ар бир өндүрүүчүгө ар бир ишкерге стандартташтыруу жана метрология каражаттарын жана инструменттерин колдоно билүүгө, бул алардын продукцияларын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат, ошону менен бирге ден соолукка жана жашоого анын коопсуздугуна кепилдик берүү. Бул шарт айрыкча Евразия экономикалык бирлигинин шартында маанилүү ролго ээ.

Техникалык регламенттер жана улуттук стандарттар мамлекеттик маанилүү функция болуп эсептелген жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусуна жол бербөө жана алардын кесепеттерин жоюу-милдеттерин аткарат.

Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органынын биринчи кезектеги жана маанилүү милдети болуп – колдонуудагы стандарттарды актуалдаштыруу жана жаңыларын иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүү, аларды эл аралык стандарттар менен шайкеш келтирүү б.а Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин жана улуттук техникалык регламенттердин аткарууну камсыз кылуу.

Товарлардын дүйнөлүк рыногунун глобалдашуусу биздин өз рыногубузда сапаттуу товарлардын болуусун гана эмес, аларды чет өлкөлөргө да алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет, бул үчүн эң зарыл болгон өлчөөлөрдү жана калибрлөөнү эл аралык таанууну Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган ишке ашырат.

Өлкөдө жүргүзүлгөн өлчөөлөрдү эл аралык таануу республикага жүргүзүлгөн сыноолорду жана продукцияларды сертификаттоону таануу мүмкүнчүлүгүн берет, бул өз кезегинде биздин ишкерлерге өз товарларын чет мамлекеттердин рынокторуна багытталган мамлекеттеринде жүргүзүлө турган кошумча сертификаттоодон өтпөй туруп экспорттоо мүмкүнчүлүгү менен чыгарууга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата СМБ бир нече иш-чараларды өткөрөт:

-2016-жылдын 1-3-ноябрында Бишкек шаарында Стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча өкмөт аралык кеңештин стандартташтыруу боюнча илимий-техникалык комиссиясын даярдоо жана өткөрүү;

-Өлчөөлөрдү эл аралык таануу” темасында тегерек стол өтүү;

-ЕАЭБдин менеджмент системасына болгон талаптар жана сапат маселеси”

-СМБнын кадрларын кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борборунда окутуу курстарын өткөрүү;

-Семинарларды, ачык эшиктер күнүн, жолугушууларды, ЖОЖдордо, колледждерде ачык сабактарды жана бир нече башка иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда өткөрүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу